Бабановдун ордуна келген Абдыбек Дүшалиев ант берди

Өмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдыбек Дүшалиев ант берди.

Абдыбек Дүшалиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп иштеп келген.

Үстүбүздөгү жылдын 19-январда Боршайком Бабановдун өз ыктыяры менен мандаттан баш тартуу боюнча арызын карап, аны канааттандырган.