Сооронбай Жээнбеков президенттикке ат салышат

КСДП партиясы президенттикке талапкер катары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөттү. Мындай чечим Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин бүгүн, 17-майда Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Ал кошумчалагандай президенттикке дагы 6-7 талапкер сунушталып, партиянын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолгон.

Саясий кеңештин жыйыны саат 18:30дарда «Медиа Форум» имаратында башталган. Жыйын жабык болуп журналисттер киргизилген жок. Ага президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек мэри Албек Ибраимов жана КСДП партиясынын мүчөлөрү катышты.

58 жаштагы Сооронбай Жээнбеков  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженер, бухгалтер адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1983-1988-жылдары Ош облусундагы «Совет» совхозунда башкы зоотехник, 1989-1993-жылдары Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору болуп иштеген.

1995-2005-жылдар аралыгында Жогорку Кеңешке үч ирет депутат болуп шайланган. 2006-жылдан 2007-жылга чейин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматын аркалаган.

2012-2015-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Андан соң 2016-жылга чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп ушул эле жылы президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. 2016-жылдан бери премьер-министрлик кызматты аркалап келет.

III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.