Жеке ишкер Руслан ЭШИМОВ: «Бизге мекендеш макамы берилсе өлкөгө инвестиция агылат»

Көп жылдардан бери чет өлкөлөрдө иштеп, бизнесин көтөрүп алган кыргыздардын арасында Кыргызстанга инвестиция салууну көздөгөндөрү аз эмес. Реалдуу секторго салым кошуучу капиталы даяр, өзү кесипкөй, чет элдик тажрыйбасы жетиштүүлөрү көп. Бирок, алар кыргыз инвесторлорунун келишине тоскоол болуп жаткан айрым мыйзамдарга Жогорку Кеңеш менен Өкмөт өзгөртүүлөрдү киргизип берүүлөрү керек экенин айтышууда. Россияда отуз жылдан ашык иштеп жүргөн ишкер Руслан Эшимов менен кабарчыбыз ушул жаатында маек курду.

– Руслан Бейшенович, сиз Кыргызстандын кайсы тармагына капитал салууга күчүңүз жетет? Же өз айылыңызга жардам берип жүргөн жайыңыз барбы?

– Мен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан болом. 1987-жылдан бери Россияда окуп жүрүп, союз ураганда ал жактын паспортун, жарандыгын алып, үй-бүлө күтүп жашап калгам. Айылдан кол үзгөн эмесмин. Айыл аксакалдарынын өтүнүчү менен 34 ат багыла турган сарай салып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрдүм. Улак тартыш оюнун өнүктүрүү үчүн айылдык жигиттерге 9 айгыр сатып бердим. Чоң атам Эшим эр оодарыш, көк бөрү оюндарынан алдына эч кимди чыгарчу эмес экен. Спортту колдоо боюнча реалдуу долбоорум бар. Ага кийинирээк токтолоюн. Мен Кыргызстанга биротоло көчүп келдим десем болот. Балалыгым өткөн айылга үй курайын дегем. Айылдык кеңешке, андан жогорку органдарга кат жазып кайрылсам үч жылдан бери жер да, жооп да бери-ше элек. Айылдын эли мага 20 сотых жерди көрсөтүшүп: “Руслан айылды колдогон сендей жигиттер бизге керек.Ушул жерди сура” дешти. Чет өлкөнүн жараны болгонум үчүн жер бербейт, там сатып алайын десем өзүмө каттатууга укугум жок. Анткени жер менен үй чогуу да. Мына ушул маселе бир убакта жа-шоонун муктаждыгы үчүн чет мамлекеттин жарандыгын алууга аргасыз болгон кыргыз-дар үчүн чоң көйгөйгө айланууда.

– Мындай талап чет өлкөнүн жарандыгын алган өзүбүздүн кыргыздарга гана эмес, жалпы эле чет элдик жарандарга коюлуп, өлкөнүн коопсуздугу үчүн көрүлгөн чаралар болуп жатпайбы.

– Өлкө коопсуздугу үчүн көрүлгөн чараларга эч кимдин каршычылыгы жок. Мындай талаптарды мен да колдойм. Бирок, биз реалдуу секторго инвестиция салуу деңгээлине көтөрүлүп калган кыргыздарбыз. Кылымдардан бери бабаларыбыз жаткан жер ушул. Ала-Тоо койнунда туулуп өстүк, мурда бул жак-тын жараны болчубуз. Эне тилибиз кыргыз. Кытайлык, түркиялык же америкалык ж.б. жактык эмеспиз. Кыргыз Республикасынын мекендештер тууралуу атайын мыйзамы бар. Мына ошол мыйзамда:«Чет мамлекеттерде жашаган Кыргызстандын жарандары мекендештер болуп эсептелет» деп жазылган. Көрүнүп тургандай, биз Россиянын жарандыгын алганыбыз үчүн эле кашайып мекендештер макамына кирбей өгөйлөнүп калып жатабыз. Ошондуктан мекендештер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип бергиле деп суранып келебиз. Менин оюмча мисалы: “Кыргыз Республикасынын чет мамлекетте жашаган жарандары же Кыргыз Республикасында мурда төрөлгөн жарандар мекендеш болуп эсептелет”, – деп кошуп коюшса дейм. Эгерде парламент ушул сыяктуу мыйзам чыгарып берсе, Өкмөт аны колдосо башкасын айтпа-ганда да Россиядагы, Казакстандагы кыргыз ишкерлери тарыхый журтубузга агылып келерибизди бөркүңүздөй көрүңүз. Жер алып, ишкана ачып, жумушчу орундарын түзсөм дегендери ого эле көп.

– Жеке өзүңүздүн конкреттүү долбоорлоруңуз барбы?

– Бар болгону үчүн келип отурам. Мен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Бишкектин эки жеринен жер участогун алдым. Буюрса, ар биринде он кабаттуу заманбап батирлер салынат. Азыркы учурда долбоору даярдалып жатат. Бирок, ошол жерлерди өзүмө жаздыра албай койдум. Кимге каттатам деп коркуп жүрө берсем көп убакыт өтүп кетчүдөй. Акыры өзгөндүк досумду чакырып алып: «Досум, сен мени алдап кетпешиңе ишенем. Менде жатындаш бир тууган жок. Ата-энемдин экөө тең кайтыш болгон. Ошону үчүн сага каттатып коюуну чечтим”, – деп, юридикалык жактан аны жер ээси кылууга аргасыз болдум. Андан тышкары, Нургазы, Рустам, мен – үч ишкер жана машыктыруучу Кылыч деген жигиттер болуп, Москва, Карсноярск, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында «Айкөл Манас» аталыштагы спорт клубун ачканбыз, ушул эле клубду Ош жана Жалал-Абадда ачтык. Эми “Айкөл Манас” клубун Бишкекке да салдырайын дегем. Спорттук борбор үчүн сатып алган ошол жерим жалалабаддык бир бажама катталды. Ал эми Бишкектен сатып алган үйүм чүйлүк досумдун атында.

– Сиз абдан чоң тобокелчиликке барып жатыпсыз. Досторуңуз, бажаңыз абийирдүү болсо анда жакшы, болбосо “каалаган жериңе барып далилдеп ал” , деп бербей койсо кантесиз?

– Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын негизги жети көйгөйү бар. Биз анын эң орчундуу экөөсүн гана кыргыз бийлигинен чечип берүүнү суранып жатабыз. Мен айткан маселени 2006-жылдан бери он жолу көтөрүп, «Замандаш» саясий партиясы жана КР Россиядагы кыргыз элчилиги аркылуу кыргыз бийлигине киргизип келгенбиз.Ти-лекке каршы, бир да жолу оңгулуктуу жооп ала элекпиз. Маңдай тери менен тапкан мүлкүн өзүнө каттата албай, башка бирөөгө жаздырып коюп, соттошуп жүргөндөрүбүз толтура. Сизге эки-үч мисалды айтып берейин. Москвадагы кыргыз диаспораларын түптөөгө абдан чоң эмгеги сиңген бир эжебиз бар. Эженин кызы да Россиянын жарандыгын алган. Ал кызы турмушка чыгып, бирок юридикалык никеге тура электе Бишкектен батир сатып берип, аны күйөө баласына жаздырып койгон. Ант-кени, күйөө баласынын жарандыгы Кыргызстандыкы болчу. Тилекке каршы, кызы аны менен ажырашып кетти. Күйөөсү бетпак адам болуп чыгып, квартираны биротоло бербей койду. Эне менен кызы стресс болуп отуруп калышты. Дагы бир окуяны айтып берейин. Москвада бизнесин абдан жогорку деңгээлге көтөрүп алган бир жигит Бишкектин Арча-Бешик конушунан чоң там сатып алган. Диас-поралардын жетекчилерин чакырып, куба-нычы койнуна батпай баарыбызга чай берди.

Ал болсо жаңы сатып алган тамды айылдаш тууганына каттатып койгон болчу. Бир күнү Москвадан келсе, үйүндө чоочун бирөөлөр жашап жүргөн болот. Көрсө тигил тууганы тамды башка бирөөлөргө сатып жиберип-тир. Досубуз чыркырап: “Бул жерде менин оокаттарым да бар болчу…”, дейт. Чоочун кишилер: “Сендейди билбейбиз. Милиция чакыра электе бул жерден жогол!”, – деп кууп чыккан. Эми ал досубуз тигил тууганы менен бүгүнкү күнгө чейин жакалашып, соттошуп жүрөт.

Дагы бир досум Москвадан акча жыйнап келип, Ак-Өргө конушуна сонун там салды. Тамды бүтүрүп, бир тууган инисине жаздырып коюп кайра Москвага кетти. Иниси болсо аны күрөөгө коюп, банктан кредит алып, төлөбөй жүрө бериптир. Банк үйдү алып койду. Мындай дене дүркүрөткөн окуялардан бери жагы отуз-кыркты айтып бере алам.

– Бир жылдары көр тириликтин айынан аргасыз чет мамлекетке кетип иштеп, ал жактын жарандыгын алууга аргасыз болгонсуздар. Жылдар өтүп, араңардан ийгиликтүү ишкерлер, чоң компанияларды түптөгөндөр өсүп чыкты. Учурда сиздерге жогорудагы биз сөз кылган мыйзам абдан керек турбайбы?

– Мен Ысык-Көлдүн жээгинен пансионат куруу үчүн алты жыл мурда жер сатып алып, жакын эжемдин уулуна жаздырып койгом. Ал арада эжем экөөбүздүн мамилебиз келишпей алды. Эми жээниме жер тууралуу маселени козгогондон коркуп жүрөм… Анын үстүнө мен ал жакка пансионат курсам, тиги бала ээлик кылып алып мени: “Мобул кишини ары алып баргылачы, менин пансионатымды талашып жатат”, — деп милиция чакырса, эмне кылам деген санаадамын… Мына эже, мен “Кыргыз Туусунун” куттуу кабинетинде отуруп айтып жатам, эгерде бизди – чет мамлекеттердин жарандыгын алган кыргыздарды “Мекендештерге” киргизген мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанга инвестиция күргүштөп келерине кепилдик бере алам.

Биздин  дагы  бир  үмүтүбүз  мында. 2020-жылы  Россия  менен  Кыргызстандын ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим кабыл алынышы ыктымал деген сөздөр тарап жүрөт. Мен билгенден көп эле ишкерлер:”Көйгөйлүү жерди сатып алып, инвестиция тартып барып, дагы бир балээни мойнума илгенче акчамды катып жүрө бергеним артык”, – деп жүрүшөт. Дегеле кыр-гыздар эмгекчил, кыйынчылыкка чыдамдуу, жумушту так аткарган эл болот экенбиз. Россиянын бийлиги ушул асыл касиеттерибизди жакшы билип калды. Ошону үчүн кыргыз ишкерлерин тартуу максатында кол сунуп жатышат. Азыркы күндө Россиянын үч-төрт аймагында кыргыз айылдарын түптөөгө жерлерди гектарлап бөлүп беришүүдө. Тула облусунда “Ала-Тоо” айылы түшүп жатат. Ростов облусунун Миллеровск районуна эки жыл мурда кыргыздар көчүп бара баштаган.

Мен билгенден ал жактан бир кыргыз жигит жергиликтүү элдин жети үйүн, дагы бирөөсү эки тамын сатып алды. Бүгүнкү күндө ал ай-мак кадимкидей кыргыз айылына айланып калды. Андан тышкары, жергиликтүү бийлик жер иштетүүгө акчасы жетпей жаткандарды колдоп акча берүүдө. Ал жактагы Өсөрбай де-ген баткендик досум жергиликтүү орустарга күнүнө акча төлөп берип, жайкысын талаага иштетип жатат. Капуста, болгар калемпири, помидор, бадыраң өстүрүп Москвага жеткиришет.

– Руслан мырза, сиз парламентте өткөн жыйында Россияда жашаган кыргызстандыктардын саны расмий айтылып жүргөндөн эки эсе көп эке-нин далилдей алам дедиңиз эле.

– Кыргызстандын мамлекеттик органдары расмий сандарга таянып, Россияда жарандыкты алганы 640 миңден ашты деп айтып жатышат. Булардан тышкары, кыргыз диас-пораларынын эсебинде орточо алганда 200 миң кыргыз төрт-беш жылдап Россиянын территориясынан чыкпай иштешет. Алар — карыларды, оорулууларды багып “сиделка” болуп, бала карап отурган үй кызматындагы кыз-келиндер. Дээрлик баары мыйзамсыз баргандыктан жылдап шаардын көчөлөрүнө чыга алышпайт. Кожоюндары менен пикир келишпей чатакташып калган учурда диаспоралардын өкүлдөрүнө кайрылышып, келип кетүүнү суранышат. “Мейли барайын, дарегиңди айт”, – десек, кайсы көчөдө жаша-ганын өздөрү билбегендери кездешет. “Азыр кемпирим уйкудан ойгонсо, үйдүн дарегин сурайын”, – дегендери бар. Андан тышкары, Сахалин облусундагы кыргыздар диаспора-ларга тынбай кайрылып турушат. Ал жакта убактылуу каттоого туруу абдан кыйын. Анын баасы да өсүп кеткен. Ошол жактагы кыргыздардын көбү кайра сыртка чыкпай иштеп жатышат. Кыргызстанга келсе, кара тизмеге алынып, кайра Россияга кире албай калышат.

Андагы жердештерибиздин так санагын алган эч ким жок. Андан тышкары, диаспоралардын эсеби боюнча Россиянын аймагында төрөлүп, ал жакта өсүп жаткан балдардын орточо саны 200 миңден көп. Айрым жердештерибиз: “Балам бешке чыгып калды, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элекмин, кайдан аларымды билбейм, жардам бериңиз”, – деп суранышат. Анткени, алардын өздөрүнүн да-гы башынан эле каттоосу болгон эмес. Биз алардан: “Балаң төрөлгөндө төрөтканадан кагаз алдың беле?”, – деп сурайбыз. “Ооба, алгам”, – десе, жүрөгүбүз ордуна келе түшөт. Балага күбөлүк алууга жылчык табылганына кубанабыз… Ал эми, төрөлүп бирок каттоого турган, Россиянын сыртына чыгып, кайра кирип жаткан жарандарыбыз жана алардын балдарынын саны да жүз миңдеп саналат.