29-январьга карата аба ырайы

29-январь түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы —11…-16 градуска чейин төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында —1…-6 градус суук болот. Ысык-Көлдө —3…-8 болсо, Нарында сууктун күчү —9…-14кө жетет.

Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы —13…-15, ал эми Ош шаарында —2…-4 градус болот.