Пятница, 29 марта, 2024
10.1 C
Бишкек

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

15-мартта Бишкектин №2 клиникалык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү», — деп айтылат маалыматта.

Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз — 2 килограмм 40 грамм, эркек бала — 2 килограмм 270 грамм, эркек бала — 2 килограмм 940 грамм.

Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар