Бишкекте өткөн суткаларда эки үйсүз адам көз жумган

Бишкекте өткөн суткаларда сууктан тоңуа эки үй-жайсыз адам каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тез жардам кызматы жалпысынан көчөдөн 14 үйсүз жаранды табышкан. Алардын 12си баш калкалоо жайларына жеткирилген. Ал эми экөө Айтматов жана Исанов көчөлөрүнөн жансыз табылышкан.

“Учурда станцияга 11 унаа жетишсиз. Себептердин бири – май тоңуп калган. Бригадалар бар. Дагы бир кубандырганы батареяларга жылуулук келип, станциянын кызматкерлери үшүп калышпайт”, — деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын тещз медициналык жардам кызматынын станциясынын башкы дарыгери Болот Абдылдаев.

Белгиленгендей, саламаттык сактоо уюмдарынын эскилиги жеткен тутумдары катуу суука араң туруштук беришүүдө. Улуттук госпиталда 28нен 29-январга караган түнү авария болуп, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын госпиталынын имаратына жылуулук берүүдө көйгөй жаралган.

“Түнкү экиге чейин иштедик. Абанын температурасы төмөндөгөн сайын муз тоңуп, тутумдагы сууну төгүүгө туура келди. Бирок ысык суу берилгени менен анын ишинин мурдагы режимин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Калыбына келтирүү-оңдоо иштери уланууда”, — деди саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.