Сууктан улам бала бакчалар да эки күн иштебей турган болду

Катуу сууктан улам Бишкектеги бала бакчалардын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын аймагындагы мектеп окуучуларын үч жана төрт күнгө каникулга таратуу чечимин чыгарган.

Ал арада күн февралдан тарта жылый турганын Кыргызгидромет билдирүүдө.