Эл аралык террордук топко мүчө болгондор кармалды

Сирия жана Ирактын аймагында согушкерлердин курамында болуп келген КМШ өлкөлөрүнүн 29, 53 жана 54 жаштагы жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын эл аралык террордук уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында колго түшүрүлгөн. Колго түшкөндөрдүн бири  Сириядагы согуштарга катышканы үчүн издөөгө алынган. Ал эки жан-жөкөрү менен Кыргызстанга келип, террордук уюмдун ячейкаларын ачууну көздөгөн.