Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Жинди-Чаптын үстүндөгү көктү ка-рай созулуп күйгөн кызыл жалын али өчө элек.

Ошол оттун чартылдаганы менен алда кайдан желип жортуп келип, кызыл жалынды жапырып, берки отургандардын этек-жеңин желпилдетип, андан ары барып Жер-Куйга куюлуп кетип жаткан чолок шамалдан жана береги төрт адам, бир жыланда башка бу жерде эч ким жоктой көрүнгөнү

менен, булардын ким-кимиисин астейдил карап, кыймыл-аракеттеринен көз албай, бирок алардын эмне кылып отурушканын, эмне деп жатышканын түшүнбөй чыйпылыктаган дагы бирөө бар эле…

– Күмүш жон жылан бар экенин эч ки-миси байкай элек.

– Жеңе, – деди бир убакта Кызмончок алда нени талап кылгандай да, таң калгандай да Алымканга суроолуу тиктеп.

Алымкандын жомогу токтоп калды.

– Мени караңызчы? – дирилдек баскан, шашкалактаган добуш менен Алымкан башын буруп, кызыкесин бир жалт карап алып, көздөрүн тартып кетти.

– Жеңе?!.

– Не дейсиң, кызыке? Токтот десең токтотоюн, – бир чети айыптуудай, бир чети өктөм үн катты жеңе. – Батыраак эле айтпайбы деп атасың го же кызыгы жок болуп баратабы?

– Ооба! — деген Кызмончок кайра кай-пактап кетти, – Чарчадыңыз го… Ток этер жерин эле айтсаңыз сизге да, бизге да жакшы болбойбу дегеним. Зумурат менен Дүрайым акыры Жер-Куйдан чыгабы?

– ? – Алымкан тилин жутуп алгансып же жомогун унутуп калгансып, отту тиктеген калыбында мелтиреп калды.

– Дүрайым ошондо аман-эсен төрөйт экен да, ыраспы? “Тээ канчалаган доорлордон кийин урпактарың ушул күндү жомок кылышат”, – дептир го, ошол урпактар… ошондо ким? Бизби?!

Жан да Кызмончоктон бетер жанын коерго жер таппай ойдолоктоп, так азыр бу жерден көздөн кайым боло, Жер-Куйдун астын карай зымырачудай мойну-башын койколоктотуп, аркан бою сойлоп барып, кайра имерилип келди.

– ?… – Алымкан заматта баягысындай тил-ооздон калып, атүгүл укпай да калган сыяктуу, бир чети сөзүн бөлгөнү үчүн таа-рынып калган өңдөнүп, сумсайып отура берди.

Кызмончок айла издеп, жардам сурагандай Асанды карады.

Асан да унчуккан жок.

Ал бу жерден анча алыс эмес жердеги, жанараак эле Тынар менен барып отун  терип  келген  жакты  карап:  “Качан-дыр бу жерде көл болгону, токой болгону ырас окшойт…” – деп ойлонуп отурган болчу.

– Апа? – деп аңгыча колдурады Тынар.

– Апа, тетигинден коркуп жатам, бу жерден кетеличи. Анда да нес болгон немедей унчуккан

жок Алымкан.

Кызмончок канчадан бери күтүп, айттыра албай жүрүп, эми азыраак калганда чыдамы жетпей кеткенине өкүнүп, андан аркысы кайра да да табышмак боюнча калчудай жандалбастап кетти.

–  Жеңе?!  –  деди  аялды  ийнинен түрткүлөп. – Эмне болду сага?! Кулагың укпай жатабы?! Тилиңди жутуп алдынбы?!

Эмне унчукпай калдың, жеңе?! Үү-үү…

Алымканга жан киргендей терең улутунуп алып, бирок дале кызыкесин карабаган калыбында:

– Мен шашпай айтуум керек. Кандай уксам, ошондой… – деди. – Антпесем, “Катын калп айтпайт, каңырыш угат” болуп, баш аламан кылып алсам…

– Макул, жеңе, – кубанып кеткендей шашкалактады кызыкеси.

Жылан кошо жаны жай алып, оролуп жатып калды.

Эки көзү Жанда болуп отурган Тынар да анын тынчып калганын көрүп, апасынын каруусун мыкчый кармап, унчукпай отуруп калды.

– Кай жерге келдим эле?.. – өзү менен өзү сүйлөшкөндөй ушинтип кобурап, жоолугун оңдоп салынып, этек-жеңин кымтыланып, боюн түздөп отурду да, жомогун улады Алымкан.

***

– Ой, ой?! – деп ичин басып, түйүн-чөктөй түйүлө түшкөн келинди жөлөп-таяп, үстүнө үйрүлуп түштү жигит:

– Дүрайым, эмне болду?!

– Ичим!..

– Эмне?! Бат элеби?!

Бир азга эринин тиштенип отуруп:

– Өх-х! – деп эс ала түшкөн келин өйдө болуп, чекесинен чыпылдап чыккан терди жеңи менен арчып:

– Өлүп кете жаздадым, — деди.

– Толготуп жатасыңбы? – мурун-кийин мындайды башынан өткөрбөгөн жигит таң калгандай да, корккондой да эле.

– Жок, – кыткылыктап күлдү Дүрайым.

– Толготуп дейт тура. Али эрте, апенди! Ашып кетсе төрт-беш ай болду.

– Анан эмне?..

– Тээп жатат! Ушундай катуу удургуп… өпкө-жүрөгүм үзүлүп кете жаздады. Азыртан минтсе, бир аздан кийин кантем?.. – санааркагандай сүйлөдү келин.

– Коркпо! – келинди бооруна кысты жигит. – Мага окшоп шок, тентек болот го. Мен бала кезимде аябай тентек болчу экемин. “Сени эмгектегенден тартып, кубалап жүрүп эле эсим оочу, кечинде чарчап, бутум баспай калар эле”, – дечү апам.

Зумураттын жөрмөлөп, жаны тынбай жүргөн наристе кезин, артынан калбай эси эки болуп чуркаган апасын элестетип, ууртунан жылмайып алды келин.

– Зумурат?

– Ов?

– Апаңды көргөм келип жатат…

– Апамдыбы?

– Сени төрөп, баккан аялды бир көрсөм арманым болбос…

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.