Аймактар: Чырпык сынса, сынсын, чынар сынбасын!

Же сууга жетпеген кетментөбөлүктөр, суу талашкан валакыштыктар, мыйыгынан күлгөн атка минерлер…

2018-жылдын – региондорду өнүктүрүү жылы жарыяланганы жөрөлгөлүү окуя болду. Аймактарды өнүктүрүү жарлыгын кезектеги саясый өнөктүк эмес, мыйзам ченемдүүлүк жана тарыхый зарылдык экени катары кабыл алышыбыз керектиги талашсыз. Эмне дегенде, борбор калаа макамына ээ Бишкек, Ош шаарларынан жана 7 облус, 40 административдик район, 22 шаар жана 429 айылдан турган Кыргызстанда ушул мезгилге чейин аймактарга тийиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келаткан. Ага атка минерлердин: Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, шаардык-райондук мамлекеттик администрация жетекчилери – акимдердин жана мэрлердин, айыл округ башчыларынын өз ыйгарым милдеттерине ат үстүнөн мамиле жасаганы түздөн түз себеп экени айтпаса да түшүнүктүү.

Кадамжай. Үч-Коргон. Валакыш: Абдуракманов Тилевалды атка минерлерге эмнеге нааразы?

Жергиликтүү  атка  минерлер  аймактардын,  анын  ичинде  элдин көйгөйүн  чечүүнүн  ордуна,  тескерисинче акыйкат издеген адамдарды куугунтуктап, “сенин маселеңди президент эмес, биз чечебиз, президентке кайрылсаң да, кайрылып бизге келесиң” деп көзгө сөөмөй менен сайып көрсөтүп, КР Прездентинин, КР Өкмөтүнүн ишмердигине, кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жатканына Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылы мисал боло алат. Дегенибиз, Валакыш айы-лынын тургуну, 71 жаштагы Аб-дуракманов Тилевалды аксакал өткөн жылы 789 чакырым жол басып, Бишкекке эки ирет келип кеткен. Келгендеги маселеси — Кадамжай шаарынан 40, Баткен шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылында суу талаштан улам, бир айыл эл бири-бири менен жакалашып, кер-мур айтышканга чейин барат экен. “Суу талаштан улам, эл арасындагы ынтымак-ырк кетип баратат. Кошуна менен кошуна бири-бирин карашпай калды. Чырпык сынса да, чынар сынбасын” дейм. Кокус жаза тайып, суунун айынан кишилер бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барып, биринин колу, биринин буту сынса эмне болот? Мени тынчсыздандырган ушул. Эгер, айыл аксакалы болуп туруп, муну мен айтпасам, башка ким айтат?” деген Тилевалды аксакал. “Кыргыз Туусу” бир эмес, эки ирет жазган. Чындыгында, Валакыш айылындагы суу талаш маселеси — Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы, айыл аймактык кеңешинин депутаттары ийри отуруп, түз кеңешип эле чечип кое турган нерсе. Андан ары барса, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы райондук мамкаттоо бөлүмүнө тиешелүү буйрук берсе, ашып кетсе, бир жуманын ары-бери жагында эле, эч кандай каражат талап кылбай чечилип калчу маселе экени көрүнүп турат. “Каражат талап кылбай” деп, каражатка басым кылганыбыз, адатта жергиликтүү бийликтин каражат жок чечилбей жатат деген шылтоосу бар эмеспи. А райондук мамкаттоону эскергенибиз, чалмакейди мына ушул мамлекеттик мекеме чалыптыр. Мындан 13 жыл мурда, 2004-жылы райондук мамлекеттик каттоо кызматы, тагыраагы мамкаттоонун эки-үч кызматкери Валакыш айылындагы өзүмдүк үй куруу жана огород үчүн берилген кызык чектен сыртка чыгып алгандарга ошол жер тилкелерин аларга тиешелүү деп каттап койгондун натыйжасында, ошол жылдардан бүгүнкү күнгө чейин Валакышта сугат суу баш ооруга айланган. Ошентип, ошол күндөн ушул күнгө Валакыш айылында сугат башталгандан баш оору жаралат экен. Тилекке каршы, айыл атка минерлери Валакыштагы баш оорудан кабары болсо да, бул райондук мамкаттоонун ыйгарым укугундагы маселе деп районго шылтап, өздөрүн четке ала качып, бул маселени чечүүнү районго шылтай беришиптир. Т.Абдуракманов айласы алты кетип, райондук бийликке кайрылат. Алар унчукпай кутулушат. Анан аксакал облуска кайрылат. Булардан да арга болбой, Бишкекке келет.

Айтпадыкпы, Абдуракманов Тилевалды аксакалдын арманын эки ирет жаздык, эмне болду дебейсиңерби? Айылдык кеңештин депутаттары, аймак башчысы текшеримиш этип барып, маселе чечкендин ордуна, кайра акыйкат издеген аксакалдын өзүн күнөөлөп, шылдыңдаганга чейин барыптыр. Ызаланган Тилевалды аксакал жыл оодарып, быйыл да келиптир. “Мен акыйкат издеп жүрсөм,алар  күнөөлүүлөрдүн  күнөөсүн  мойнуна коюп, мыйзам чегинде иш кылгандын ордуна, аларга өйдө карай албай, мага күнөө тагып жатышат. Мен эч нерсени оюмдан чыгарган жокмун. Мыйзам тебеленип, акыйкаттын канаты кайрылганын эле айттым. Эл арасындагы ынтымакка доо кетпесин, ырк бузулбасын дегеним үчүн күнөөлүмүнбү?” дейт Т.Абдуракманов.

Суу талаш, жер талаш – адамдар ортосунда гана эмес, элдердин, мамлекеттердин  ортосундагы  чыр  талаштын  себеби болгон. Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы,  айылдык  Кеңеш,  Кадамжай  районунун  мамадминистрациясы  Президент С.Жээнбековдун “Региондорду өнүктүрүү жылы” жарлыгын аткарууну мына ушул суу талашты чечүүдөн башташы керек. Болбосо, бир айылдын маселесин чече албаган атка минерлер бүтүндөй аймакты өнүктүрүүгө шаасы жетмек беле деген суроо ачык кала берет.

Токтогул району. Үч-Терек айыл өкмөтү. Камбар-Ата шаарчасы. Бишкек – Ош жолунун 320 чакырымындагы суу сураган 9 кожолук…

КР Өкмөтүнүн облустардагы өкүлчүлүк-төрүнүн, шаардык-райондук мамлекеттик администрация жетекчилери: акимдердин жана мэрлердин ишинин майнапсыздыгына Токтогул районунун аймагындагы Камбар-Ата шаарчасынын жана райондун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы (күн батыш тарабы) Бишкек – Ош жолунун 320 чакы-рымындагы төрт жылдан бери тогуз тамчы таза суусу жок жашап келаткан 9 кожолукту мисал келтирет элек. Ошол 9 кожолуктун атынан эмгек ардагери Боржуев Ка-кен  өткөн  жылы  бери  дегенде  төрт  ирет келди.

Маселенин  төркүнү  мындай  экен. 1989-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Кара-Көл шаарына караштуу Камбар-Ата шаарчасын суу менен камсыз кылуу максатында узундугу 24-25 чакырым, диаметри 1 миңдик (мм.) суу түтүгү тартылат. Натыйжада, Камбар-Ата шаарчасы жана Үч-Терек айыл аймагынын борбору Рапкооптун күн батыш тарабы ошол түтүктөн келген таза суу менен камсыз бо-лот. Анан сыягы, жылдар өтүп, 1 миңдик суу түтүккө бирөөлөрдүн көзү түшкөн окшойт, “суу түтүк эскирип калды” деген шылтоо менен, темир түтүктү пластик түтүктөрүнө алмаштыруу маселеси күн тартибине коюлат. Камбар-Ата шаарчасы жана ага тартылган суу түтүктөрү Кара-Көл шаарына караган себептүү, 2015-жылдын 20-октябрында Кара-Көл шаарынын мэриясы менен “Кыргыз буурчагы” ЖЧКсынын ортосунда №90 суу түтүгүн алмаштыруу боюнча келишим түзүлүп, “Кыргыз Буурчагы” ЖЧКсы пластик түтүктөрүн орноткону үчүн кызмат акысына эски темир түтүктөрдү алмак болот. Ошентип, оболу 1 миңдик суу түтүктөрүн казып алуу башталып, бирок иш аягына чыкпай токтойт. Натыйжада, ошол түтүктөн суу ичип келаткан Камбар-Ата шаарчасынын тургундары жана

Бишкек – Ош жолунун 320-чакырымында жашаган 9 кожолук суусуз калат. “Кыргыз Туусу” гезити кандай гана биз-нес структурасы болбосун, кызмат көрсөтөбү, же башка ишкердик кылабы, башкы план-га киреше табууну коерун, андай болгондо Кара-Көл шаарынын мэриясы менен “Кыргыз буурчагы” ЖЧКнын ортосундагы келишим күмөндүү экенин, 1990-жылдары коюлган  калыңдыгы  эки  эли,  миңдик  темир түтүктөрдү пластик түтүктөргө алмаштырууда кимдир-бирөөлөрдөн кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн, болбосо аталган ЖЧК “эски чирип калган” темир түтүктөрдү башына урабы, мунун баарын териштирүү тийиштүү мамлекеттик органдарынын компетенция-сындагы иш экендигин айтып, эң башкысы Камбар-Ата шаарчасы жана 9 кожолук таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин айтканбыз. Ырас, макала жарыяланган соң, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн, облустук прокуратурадан, Кара-Көл шаарынын мэриясынан, шаар дык прокуратурадан, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан бир эмес, бир нече ирет жооп келди.

Токтогул райондук мамлекеттик адми-нистрация башчысы М.Сатымкулов, Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өскөн уулу Калыбай, Кара-Көл шаарынын прокурору Ж.Асатов жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Жалал-Абад областынын прокурорунун орун басары Р.Нурмаматов ж.б. Камбар-Ата шаарчасы жана Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош автотрассасынын 320 чакырымындагы 9 кожолук эмне үчүн, кимдердин күнөөсүнөн улам суусуз калганын айта келип, мэрия да, облустук өкүлчүлүк да таза суу менен камсыздоо боюнча иш жүрүп жатат, жумушчу топ түзүлдү, буюрса таза сууга жете турганына аз калды деп бизди ишендиргенге аракет кылышты.

Ошол  жооптордон  бери  бир жыл өттү. Жаңы жылдан кийин эмгек ардагери К.Боржиев кайра келип, “муз ордунан козголбогонун” жана козголо турган түрү жок экенин айтты. Себеби, К.Боржуев суу  маселеси  боюнча  “Кыргыз Туусуна” эле эмес, КР өкмөтүнө, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура,  курулуш  жана  турак  жай-коммуналдык  чарба  мамлекеттик агенттигине, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Кара-Көл шаарынын мэриясына, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына, КР Башкы прокуратурасына, Жалал-Абад облустук прокуратурасына, айтор, бир сөз менен айтканда кайрылбаган жери  калбай,  үмүтү  үзүлбөгөндөй болуптур. КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кара-Көл шаарынын мэриясы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, Жалал-Абад облустук прокуратурасы эмгек ардагерине куду эле бизге бергендей коендой окшош жоопторду бериптир. Каттар “Кыргыз Туусуна” же “Какен Боржуевге” деп эле башталганы болбосо, каттын калган тексти бир.

“Мен КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнө да, Кара-Көл шаарынын мэриясына да, Токтогул мамлекеттик администрациясына да ишеничим кетти. “Кыргыз Туусу” аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге жана Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Сарысейитов Ислам Кадырбековичке кайрылып, Камбар-Ата шаарчасы жана Бишкек-Ош жолунун 320 чакырымындагы 9 кожолуктун таза суу маселесин чечип берүүнү өтүнөм. Эгер, алар да чече алышпаса, анда калганын Кудайга койдум” дейт эмгек ардагери Какен Боржуев.

Биздин оюбузча, К.Боржуев төрт жыл-дан бери мамлекеттик органдардын эшигин тытып, чече албай келаткан суу маселесин бир жаңсыл чечүү кыйын деле эмес. Мамлекет Токтогул районуна Токтогул суу сактагы-чы жайгашкан үчүн жыл сайын 45 миллион сом компенсация төлөйт. Мыйзам боюнча бул каражат Токтогул районунун аймагында жашаган элдин таза суу баштаган социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн каралган.

Эл: кыйкырсам үнүм жетеби?

Президент С.Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. А жарлыкты аткаруу айыл аймак башчы-ларынын, айылдык депутаттардын, шаардык-райондук  мамадминистрациялардын,  КР Өкмөтүнүн облустук өкүлчүлүктөрүнүн колунда. Эгер, аймак башчылары, акимдер, мэрлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр өз иштерине Кадамжай районунун Валакыш айылы жана Токтогул району-Кара-Көл шаарындагыдай мамиле жасай турган болсо, анда иш чатак экенин алдын ала эскерте кеткибиз келет.