30-январга карата аба ырайы

30-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз -4…-9;

Таласта түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Баткенде түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус төмөндөйт.

Бишкекте 30-январда күн ачык, жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22, күндүз -5…-7 градус суук болот.