Ош базарында өрт чыкты — ӨКМ

Бишкектеги Ош базарында чыккан өрттү өчүрүү үчүн 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды,-деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

“Алдын ала маалыматка ылайык, өрт Ош базарындагы соода түйүндөрдүн биринен чыккан. Өрт тууралуу билдирүү саат 9:48де түшкөн. Кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат маалыматта.