Ишти илгерилеткен дагы бир ишкана ачылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында АКШнын “Caterpillar” машина куроочу компаниясы Кыргызстанда тоо кен техникаларын жана жабдыктарын тейлөө боюнча сервис-борборун ачты. Автоунаа куроо борбору аталган ишкананын Кыргызстандагы расмий дилери «Борусан Макина Казакстан» компаниясы жана «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен биргеликте ачылды. Сервис борбор «Кыргызалтындын» автоунаалар ишканасынын филиалынын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Ал техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, бул багыттагы Кыргызстандагы жалгыз ишкана болуп саналат.

“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз АЛИМБЕКОВ:

Бул Кыргызстанда уникалдуу техникалык сервис болуп саналат. Ал тоо кен техникаларын тейлейт. Бул биздин республиканын масштабында аябай маанилүү окуя.  Анткени,  мурда  техниканы  оңдоо түзөөдөн өткөрүү үчүн Казакстан жана башка өлкөлөргө чыгууга туура келчүү. Эми андай муктаждык болбойт. Андан иштер толугу менен ушул техникалык сервисте тейленет. Бул Балыкчы шаары үчүн да абдан жакшы нерсе. Анткени, жумуш орундары түзүлүүдө. Андан тышкары, жергиликтүү бюджетке миллион сомдой салык түшүүсү күтүлүүдө. Азырынча бул иштин башталышы эле деп айтсак болот. Кийинчерек  тейленүүчү  компаниялар көбөйгөн сайын техникалык сервис дагы кеңейтиле берет.

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз МАМБЕТОВ:

2018-жыл Президент тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Ошол эле учурда биз Балыкчы шаарында инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү жылы деп жарыяладык. Ал эми бүгүнкү иш-чара бул жылдын жакшы башталышы болуп жатат. Бул компаниянын артынан дагы башка инвесторлор тартылат деген үмүт бар. Үч облустун кошулушунда тургандыктан Балыкчы шаары уникалдуу болуп саналат. Андан тышкары, темир жол, автожол жана суу транспорту бар Кыргызстандагы жалгыз шаар. 2020-жылы түндүк-түштүк альтернативдик жолунун ачылышы болгону турат. Транспорттук түйүн катары биз бизнестин өнүгүшүнө чоң мүмүкүндүк түзүп, жардам беребиз деп ишендирип кетмекчимин.

Сервисттик кызматтын жетекчиси Олег САВИН:

Балыкчы  шаары  үчүн  жакшы  окуя деп  айтсак  болот.  Анткени,  биз жергиликтүү адамдарды гана тартууга аракет кылып жатабыз. Ал эми техникаларды “Борусан” компаниясы сатып алды. Техсервис техниканын компоненттерин оңдойт. Эгерде  күнүнө  төрттөн  компонентти  ала турган болсок, айына 120 компонент оңдоо мүмкүндүгү бар. Жергиликтүү кырктай тургун 2 вахта менен иштеп жатышат. Иштегендер негизинен жаштар. Аларды алып, окутуп, үйрөтүп жатабыз. Учуру келгенде өз ишин мыкты билген адистер болуп калат деген үмүттөбүз.