Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

– Мен дагы…

– Жаным, мен сага ишенем. Кантип эле ушул жерден чыгууга бир жол жок? “Издеген – табат” дейт. Биз тирүү жанбыз го. Керек болсо, ошол жолду биз салбайбызбы. Бизди Кудай бекер тирүү калтырбаса керек. Болбосо, башкалардай эле эчак өлүп калбайт белек. Бул – экөөбүзгө берген тагдырдын сыноосу. Биз жеңүүбүз керек аны. Бул жерден чыксак, балабыз төрөлсө…

Дүрайым бир чети дилиндеги чыныгы каалоосун айтса, бир чети жигитке дем, күч бергиси келип:

– Мени карасаң, жаным? – деди.

Зумураттын көздөрү ага муңайым тиктеди.

– Чоң энеси небересин көрсө, кандай бактылуу болорун элестетсең… Кудум сен түспөлдүү кара көз, кара каш, сулуу, акылдуу, тентек бала чоң энесинин этегинен кармап, тызылдап чуркап жүрсө…

Кошо элестетип, жылмайды жигит:

– Кудай ушул тилегиңди берсе кана…

– Берет, жаным. Мен Кудайга ишенем. Сага ишенем…

Жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөп, эки ийинин солкулдата улутунуп алды:

– Суранам, сенден. Бизди бу жерден бизди алып чык! Жок дегенде балаң үчүн, апаң үчүн чымыркан! Ал сени кандай күтүп жатканын бил. Сенин шалдайып чарчаганыңды, башыңды ылдый салып жеңилгениңди көргүм келбейт. Балаңдын да сезишин каалабайм. Ал атасы менен сыймыктанышын каалайм!

– Бары жакшы болот… – деген Зумурат бул сөздөрдү буга чейин канча угуп, кулагы деле көнүп калган. Өзүнүн деле бар тилеги ушул. Бирок канча далбас кылганы менен жер үстүнө чыгуу аракеттери ишке ашпай, жа-рым жолго чейин тырмалаңдап чыгып алган экөөнү мына сурданган ушул аскалар канча ирет кайра бу чуңкурга бүркүп салып жатпайбы. Акыры үмүтү деле үзүлүп, дарманы кетип: “Эми Кудайдын жазганы ушул экен…” – деп багына баштаган.

Бирок  мына  бу  алаканы  астында бүлкүлдөп, ал түгүл энесинин өпкө-жүрөгүн үзүп жиберчүдөй удургуган, өз канынан- жанынан жаралган адамчасы аны тунжуроодон ойготуп, чындап эле дем-күч, ишеним бергендей жандантып койду эми. “Ырас элемен ата турбаймынбы! Ичер суум түгөнүп, алы-күчүм калбай калгыча мен балам үчүн жашап, балама кам көрүшүм керек турбай-бы!” – деген сезим канында чуркап, удургуй түштү. “Ботом, чымчык деле, ит менен мышык деле кара жанын карч уруп “балам” деп жашайт тура!” – деген апасы да көз алдына келе калды.

–  Ооба,  баары  жакшы  болот!  –  деп Дүрайымды бооруна бекем кысып, маңдайынан өптү.

Ошондон баштап булардын жашоосуна жан кирип, “эки бакыр – бир тукур” болуп баштагыдан да ымалашып, жогору карай кантип чыгуунун жолдорун ойлонушуп, чогуу издешип, “кеңешип кесип”, бири-бирине арка-бел, акыл-кеңешчи болуп күн өткөрүп жүрүштү. Ушундан уламбы, алар үчүн бу жерде жашоо да бир аз жеңилдей түшкөндөй сезилди. Бир гана жаман жери – улам убакыт өтүп, Дүрайымдын курсагы чоңойгон сайын анын абалы оорлой берди. Оордогону ошол

– ичтеги баланын да кыймылы күчөп, кээ бир кезде бирөө кытыгылап жаткандай кы-тылдап күлсө, кээде түйүнчөктөй түйүлүп, денесинен чыпылдап кара тер чыгып, көпкө чейин эрдин тиштеп катып калат да, тээ бир топтон кийин эс алат.

Адегенде көздөрү алайып, түгөйүнө кандай жардам кыларын билбей алактап калчу жигит да бара-бара буга көнүп, тек гана бул учурдун өтүп кетишин күтүп калат. Ал түгүл алаканын келиндин курсагына коё калып, ту-юкбайы менен сүйлөшкөнгө да көнүп алды.

Муну менен бир чети Дүрайымды алаксытып, абалын жеңилдетүүнү кааласа, бир чети баланы да “сооротуп”, тынчтандырууну ойлойт. Бара-бара курсактагы баласынын кыймылы ага кубат берип, ата-баланын ортосундагы жандуу мамиледей туюла баштаган.

– Ойгондуңбу, балам? – дечү ага алаканын аяр коюп. – Сени атаң кандай жакшы көрөрүн билесиңби? Ал да жооп бергендей азга тынчый калчу.

– Мен сага азыр жомок айтып берейин, угасыңбы? Анда ук…

Зумурат  өзү  жомок  укканды  жакшы көрчү. Апасы да айылда “жомокчу, кошокчу” катары сыйлуу болчу. Ар күнү баласы-нын маңдайынан сылап отуруп, үлпүлдөгөн чырактын жарыгында укмуштуудай жомокторду айтып берчү. Ошол каармандар менен кадимкидей аралашып, ал түгүл алар түшүнө да кирер эле. “Мен кийин буларды өз балдарыма айтып берем”, – дечү балалык кыялында. Ошол тилеги орундалып жатканына бир чети кубанып калчу.

Курсактагы баласы аны угуп жаткандай ишенчү. Анткени ал жомогун айта баштаганда улам бир жерден чыга калчудай бултактаган бала акырын бүлкүлдөп барып, тынчып алчу.

– Уктады… – дечү ата өзүнө ыраазы бол-гондой жылмайып.

Алардын бу жоругу Дүрайымга да жагар эле. Дүйнөдөгү эң бактылуу энедей, эң бактылуу аялзатындай бардык нерсени унута салып, бакыттан бою балкып, жаны жай ала түшчү. Ушул керемет сезимдин эч качан бузулбашын каалачу. Көздөрүн жумуп, магдырап жатчу да, бир убакта кирпиктеринин алдынан сызылып, ысык тамчылар кулай баштачу…

Уктаган сайын жердин үстүн түш көрчү.Ошондуктан го, жаны жер тартып эле уктагысы келе берчү. Уйкуга талгак экенин деле билчү эмес. Уктап калса эле бар балакеттен кутулуп, ушул үңүрөйгөн Жер-Куйдун ичинен бошонуп, жаны жыргап калчу.

– “Жер үстү – бейиштин дал өзү, – дечү ойгонуп алып. – Биз бейиште жашап жүрүп, анын баркын билчү эмес экенбиз. Эми бир жолу мага Кудай ошол бакытты туш кылса, мен анда башкача жашамакмын. Мага ошол ажайып дүйнөнү – күндүн көзүн көрүүдөн, жамгырдын, шамалдын шоокумун эшитүүдөн, чөптөрдүн, жалбырактардын дирилдеши менен чымчыктардын сайраганын угуудан артык байлыктын кереги жок эле. Бизден башка да тирүү жандардын басып-турганын, алардын арасында балдарымдын жүргөнүн көрсөм, күлкүсү менен үндөрүн уксам арманым бол-бос…”

Зумурат да андайда кыялданып жатчу:

– Ооба. Мен да ошентип ойлойм. Мен да түшүмдө жердин үстүн көрөм. Бирок эле бул жер мени бутумдан тартып, кое бербей кармап алгансыйт. Кээде мага кайдан-жайдан канат бүтөт. Кээде тээ бийиктен ылдый салаңдап, тепкич түшүп келе жаткан болот. Мына-мына жеткен кезимде эле кандайдыр тоскоолдук-тар жаралат…

– Жаным, эгер жер үстүно чыгып кет-сек, жашообуз кандай болот деп элестетесиң?

–  Атаганат  десең,  эгерде  Кудай  бизди кайрадан жер үстүнө чыгарып койсо, мен да жашоону такыр эле башкача баштамакмын. Апам… Эң алды апамды алаканыма салып, кирпигине чаң жугузбайт элем. Мойну-ма көтөрүп багат элем. Эч качан сөзүн жерге таштамак, эч кимге жамандык жасамак эмесмин. Биз бакытты, байлыкты кечип жүрүп, аны башка жактан издеппиз…

(Уландысы бар)

2 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

  • Февраль 2, 2018 at 6:24 пп
    Permalink

    Эмнеге бугун сериал чыкпады????

    • Февраль 8, 2018 at 3:43 пп
      Permalink

      08.02.18 окуй аласыздар

Комментарии закрыты.