Калы СУЛАЙМАНОВ, балбан: «Эгерде спортчу болбосом, юрист болмокмун»

25-26-январда Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Takhti Cup-2018” эл аралык турниринде кыргызстандык балбандар Калы Сулайманов менен Каныбек Жолчубеков алтын медалга ээ болушту. К.Жолчубеков жарым финалда казакстандык Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде утса, финалда ирандык балбан Мехрдад Марданини 6:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Калы Сулайманов жарым финалда ирандык каршылашын 3:0 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште казакстандык Кудайберген Турсуновду 7:2 эсебинде утуп алды. Балбандардын бири Калы Сулаймановду Кыргызстанга келери менен кепке тартып, ат жалында маек курдук.

– Алгач, сени Ирандан утуп келген алтын медалың менен куттуктайбыз.

– Рахмат, бул турнирге жакшы даярдык менен барганбыз. Аракетибиздин берекети кайтып, олжолуу кайттык. Негизи өз убагында машыгып, агайлардын тилин угуп, олутуу жаракат албасаң эле жеңишке жете аласың.

–  2017-жылдын  жыйынтыгы боюнча да “Мыкты спортчу” деген наамга татыдың. Былтыркы жыл сен үчүн жемиштүү жыл болду окшойт.

– Негизинен жаман жыл болгон жок. Кыргызстан курама командасындагы ийгиликтерим көп болду. Кудайым буюрса, дагы жетишкендиктерге жетем деген оюм бар.

– Мыкты болгонго чейин кандай жолду басып келдиң?

– Мен спортко 2009-жылы келдим. 7-класста окуп жүргөн кезимде, айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыга баштагам. Кийин Жалал-Абад шаарында Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте тапшырдым. Ал жактан да тажрыйбалуу агайлардан сабак алып, мыкты атануу үчүн болгон дараметимди жумшап келе жатам.

– Жеңилүү ызасы жөнүндө айтсаң?

– Спортто дайыма эле жеңе бербейсиң. Жеңилүү  дагы  болуп  турушу  керек.  Каршылашыма упайды алдырып ийген учурларда  мени  ата-энем,  бир  туугандарым колдоп, жакшы сөздөрүн айтып жубатып, көтөрмөлөп коюшат. Айрыкча атам: “Сен али жашсың, келечегиң алдыда. Сени дагы далай жеңиштер күтүп турат”, – деп көңүлүмдү көтөрүп коет.

– Ата-энең, бир туугандарың тууралуу сөз кылсак, үйүңөрдө сенден башка дагы ким спортко кызыгат?

– Биз 7 бир тууганбыз. 5 эркек, 2 кызбыз. Мен болсо төртүнчүсүмүн. Менден кийинки иним дагы грек-рим күрөшү боюнча даярданып, машыгып жүрөт. Ал эми калгандары менин колдоочуларым, күйөрмандарым. Ал эми атам менен апам айылда турушат. Кадимкидей эле айылдык карапайым кишилер. Малжан менен алек. Апам бала-бакчада ашпозчу болуп иштечү, азыр пенсияда.

– А сен грек-рим күрөшүнөн башка спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?

– Сууда сүзүүгө жана футбол ойгоногонго кызыгам. Кээде убакыт боло калганда, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай топ тээп, сууда сүзүп коюп турам.

– Эгерде спортчу болбогондо ким болот элең?

– Юрист болмокмун. Анткени, бала кезимден ушул багытка абдан кызыгам. Азыр да Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юридикалык факультетте 3-курста окуп жатам. Кудай буюрса, мыкты юрист катары да өзүмдү сынагым бар.

– Мен азыр абдан токтоо, жөнөкөй, кичи пейил кара баланы көрүп турам, канча бир жылдардын өтүшү менен Калы таанылгыс болуп өзгөрүп кетпейби?

– Бала кезимдеги атактуу адам болсом деген тилегим аз-аздан орундалып келе жатат. Бирок, өзүм дин жолунда жүргөндүктөн, 5 маал намаз окугандыктан, бул нерсеге жол бербейм. Канчалык даражам жогорулаган сайын, ошончолук жөнөкөй болууга тырышам. Жөнөкөйлүк, сабырдуулук адамды сулуулайт эмеспи. Андыктан, жылдыз оору-сун жугузуп албайын деп иммунитетимди ар дайым чыңдап турам (күлүп).

– Жакшы экен, сыр болбосо азыркы учурда канча стипендия аласың?

– Айына 25 миң сом стипендия алам. Буюрса, дагы көтөрүлөт деп жатышат.

– 2016-жылы сага үй берилет деп угуп калдык эле, азыр ошол үйүңдө жашайсыңбы?

– 2016-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгондо үй беребиз деп айтышкан. Бирок, тилекке каршы ал үй бериле элек. Жакшылыктан үмүт үзбөйм, балким башкасы болуп калар.

– Алдыда кандай максаттар бар?

– 2020-жылы Токио Олимпиадасына катышууга жана ал жактан алтын тагынуу менин эң башкы максатым. Күндөп-түндөп ма-шыгып жүргөнүм да ошол.

– Машыктыруучуларды атадан да жакын болуп калат дешет…

– Албетте, биздин жеңишибиздин аркасында биздин машыктыруучуларыбыз турат. Алар болгон убактысын, энергиясын бизге жумшайт. Жеке тренерим Алтынбек Салаев агайым: “Силер деп жүрүп, өзүмдүн балдарыма көңүл бура албай калам”, – деп тама-шалап калат. Анын сыңары, чындыгында эле машыктыруучуларыбыз менен көп убакытты бирге өткөрөбүз. Ата-баладай эле болуп калабыз. Спорттон сырткары жеке жашообузга дагы жакшы кеңештерин берген учурлар көп. Учурдан пайдаланып Алтынбек агайыма жана курама командадагы тренерлерим Канат Бегалиев менен Азат Эркинбаевге ыраазы экенимди айта кетейин. Бул инсандардын мага кошкон салымдары эбегейсиз чоң.