Четверг, 25 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Электр энергиясына болгон бааны 1-майдан тарта көтөрүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылыйык электр энергиянын баасы бардык керектөөчүлөр үчүн 2023-жылдагы инфляцияга карап 10,8%га кымбаттайт.

Сунушталып жаткан токтом долбооруна ылайык, жарандар 1-майдан тарта 1 кВт/саат үчүн 1 сом 10,8 тыйындан төлөй баштайт (700 кВт/саатка чейин). Азыркы тариф 1 сомду түзөт.

700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 2 сом 39,3 тыйын болот. Учурда ал 2 сом 16 тыйынды түзөт (тариф 23,3 тыйынга көтөрүлөт).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандар үчүн тариф 10,8 тыйынга кымбаттап, 1 сом 10,8 тыйын болот. Алар үчүн 700 кВт/сааттык чектөө жок.

Ошондой эле «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын баасы 5,4 тыйынга кымбаттап, 55,4 тыйынды түзөт (700 кВт/саатка чейин). 700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 23,3 тыйынга кымбаттап, 2 сом 39,3 тыйын болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар