Жамбыл менен байланыш жанданды

Казак Республикасынын Жамбыл облусу менен Талас облусунун достук байланышы кайрадан жандана баштады. Ирегелеш жайгашкан Жамбыл облусу менен соодасы тыгыз болсо дагы маданий байланышы КМШ өлкөлөрү эгемендүүлүккө ээ болгондон бери дээрлик жокко эсе эле.

Өткөн жылдын жаз айларында мурдагы ыйгарым укуктуу өкүл Д.Кенекеевдин демилгеси менен Тараз шаарында жарманке өткөрүлүп, менин сунушум да кабыл алынып, көркөм сүрөт искусствосунун көргөзмөсү уюштурулган. Жарманке иш чарасында маданий иш чараларга бир аз көңүл бурулуп, эки тараптын өнөрпоздору концерт тартуулашкан. Бишкектен келишкен 7-8 өнөрпоз өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн, бирок Жамбыл облусунун филармониясынын өнөрпоздорунун укмуштуудай чеберчиликтерине, кесиптик бийик деңгээлдерине абдан суктанган элек.

Ал эми Тараз шаарынын ирээттүүлүгү, тазалыгы биздин алакандай айыл сымак Талас шаары гана эмес, Бишкек шаарына да үлгү болоорлук экенине өз көзүбүз менен күбө болгонбуз. Коомдук тартиптин күчтүүлүгү, журналисттерге, гезит редакцияларына мамлекеттик деңгээлдеги зор көңүл буруу бизди суктандырган.

Ошентип ал саамалык уланып, 18-январда Жамбыл облусунун Тараз шаарынын “Достыкта жок шек ара” деп аталган фестивалдын алкагында маданий делегация Талас жергесинде болушту. Делегация алгач Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинде болушуп, Манас Атанын күмбөзүнө зыярат жасашып, ордо комплекстеги музейлер менен таа-нышты. Түштөн кийин К.Медетбеков атындагы драма театрында фестивалдын ачылыш аземи болду. Казак өнөрпоздорунун бийик чеберчиликтеринен кабардар көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн залда дээрлик бош орун болбоду. Өкмөттүн облустагы  ыйгарым  укуктуу  өкүлү  Марат  Мураталиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, коңшулаш Жамбыл  облусу  менен  кылымдардан  бери достук байланыш жөнүндө айтып, соңку мезгилде маданий байланыш жанданганы кубанычтуу көрүнүш экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташуу чыңала берүүсүнө каалоо тилегин билдирди.

Жамбыл облусунун делегация башчысы облус жетекчиси Көкрекбаевдин саламын жолдоп, белектерин тапшырды. Эки саатка созулган казак баурдастардын өнөрпоздорунун өнөрлөрү залда отургандардын дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолуп турду. Анткени бийик профессионализм, мыкты даярдык, замандын талабына жараша изденүүчүлүк шайкеш келип, таластыктарга чыныгы ыр, бий майрамын тартуулады.

Кеп чынын айтканда Бишкек шаарынан келишкен ырчыларга мындай дүркүрөгөн кол чабуулар сейрек болот.“Байбол” ресторанында меймандарга сый тамак берүү учурунда таластык өнөрпоздор ыр-бий тартуулашты. Казактардын арген үндүү ырчылары шаңшып ырдашты. Жамбыл шаарында жашаган 26 улуттук диаспораларынын  өкүлдөрү  каалоо  тилектерин айтышты. Фестивалды уюштуруучуларга белектер тартууланды. Азем салтанаттын аягында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Азият Жаркыналиева жыйынтыктап сөз сүйлөдү.