Окшош оюндар жалпылыгыбызды далилдейт

Өткөн жылдын декабрь айында Үмөтов Таалай Эгембердиевич Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги «Инженердик педагогика» кафедрасынын профессору, педагогика илимдердин доктору. Россия Федерарациясынын педагогикалык жана социалдык илимдерининин академиянын академиги Таалайбек Уметов Якутияга барып, ал жердеги бала-бакчалардын тарбиячыларына, мугалимдерге жана балдарга кыргыздын улуттук оюндары аркылуу баланы тарбиялоо жаатында лекцияларды окуп, тажрыйбасы менен бөлүшүп келди. Орус балдарга кыргыздын улуттук оюндарын үйрөткөн агайыбызды маек төргө чакырып, ошол жаатта суроо салдык.

–  Якутияга  кандайча  чакыруу алып калдыңыз?

2013-жылы Россия Федерациясынын Калуж облусундагы «Этномир» биринчи бүткүл дүйнөлүк балдардын улуттук оюндары фестивалына катышып калдым. «Этномирдин» жетекчилери менин ишим “Орто Азия жана Казак элдеринин улуттук оюндары” менен таанышып, фестивалды өткөрөбүз деп чечимге келди. Китептин, жана идеянын автору катары мени да чакырышты. Андан кийин улуттук педагогика боюнча Москвага тегерек столго чакырышты. Анда М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш Федералдык университетинин магистранттары катышкан. Лекцияларым жана практикалык иштеримден кийин мени Якутияга келүүнү сунушташкан. Ошондон бери жыл сайын бир айга барып келип турам. Бул жолу дагы баардык каражатты Якутия жак мойнуна алып чакырды.

– А негизи улуттук оюндар аркылуу балдарга тарбия берип, аны педагогикада колдонсо боло турганын кандай болуп өздөштүрүп калдыңыз эле?

– Өзүм 90-жылдары Кантта мектепте диретордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп жүргөм. Ошол учурда квалификацияны жогорулатуу курсуна Бишкекке келгенимде, бул жактан жумушка чакырып калышты. Жарым жылдан кийин барып, иштеп калдым. Ал жактан темамды сунуштап, методикам тууралуу оюмду бөлүшсөм, кыргыз улуттук оюндарын бала бакчада колдонуу жана анын педагогикалык пайдасы тууралуу изилдесем жакшы болорун айтышты. Ошондон бери ушул тармакты изилдеп, ушул багытта жүрөм.

– Мисалы улуттук оюндар аркылуу  балдарды  кантип  тарбиялап, алардын педагогикалык ыкма катары кантип колдонсо болот?

– Бала бакчаларда балдар жөн эле ойнойт. Ал оюндар кандай жардам берип жатканына маани бербейбиз. Тарбиячылардан: “Сиз математика үйрөтөсүз, ошону кантип кыласыз”, – деп сурасам, алар доскага жаздырарын айтышты. Доскага чыгып жазгандан кийин балдар эмне кылат? Отурат. Кызыкчылыгы барбы? Жок. Анткени бала тарбиячынын тапшырмасын аткарып бүттү. А менин максатым балдарды ойнотуп андан нары кызыкчылыгын артыруу болуп эсептелет. Мисалы “Чонтек” деген оюн бар. Анда балдарга данектерди коюп, беш данекти санап алышын айтам. Алар туура санаганын байкап турам. Андан кийин мен бешти алам. Алар меникин да саноо менен санак үйрөнө берет. Анан ошол алган данекти артыма катып, бир колумду жумуп сунам. “Колумда канча данек бар?” – деп. Балдар таап алса, ошол данектерди алат. Эгер таппай калса, канча данекке адашса, ошончо данекти мага берет. Муну менен алар кошуу, алууну үйрөнөт. Мындан тышкары алар окуп жаткан учурда эле муну менен алек болбостон, үйүнө барып ата-энеси, достору менен ойноп жүрө беришет. Башкача айтканда окуу учурунда эсеп эле чыгарбастан, математикалык жөндөмдүүлүгүн да өстүрүшөт.

– Мындан башка дагы кандай оюндар бар?

–  Көп.  Мисалы  кыргызда  чатыраш (алышмай) оюну бар. Анда балдардын интелектуалдык мүмкүндүгү өсөт. Себеби, анда геометриялык фигуралар бар. Ал оюнда биринчи кезекте балдарды жипти туура алганды өздөштүрүш керек. Андан кийин балдардан кандай фигуралар бар экенин сурайм. Анда үч бурчтук, ромб ж.б. фигураларды үйрөтүп, тааныштырабыз.

–  Якутияда  ушуларды  үйрөтүп келдиңизби?

– Ооба, Якутиядан ушулар боюнча сабак өттүм. Биринчи күнү теория – оюндар тууралуу жалпылап айтып берем. Андан кийин практикага өтөбүз. “5-6 бала алып келгиле”, – дейм. Алар алып келишет. Ал балдар деле тааныбайт. Анан оюндун жүрүшүндө таа-ныбаган нерсе жоголуп, дос болуп калабыз. Оюндун бир жакшы жери бар. Анда улутчулдук, дин, мамлекеттик чек ара ж.б. нерселер жок. Ар улуттун балдары отуруп ойносо деле, урушуп кетишпейт. Албетте, аз-маз талаштар болот. Бирок, ал чоң кишилердикиндей чоң талаш болбойт. Анткени оюндун сюжети бириктирет. Кээ бир учурда балдар аз-маз талашып кетсе, чоң кишилер ал урушка аралашып кетебиз. Ар бири өз баласына болушуп, уруша кетишет. Ал эми балдар беш мүнөттөн кийин оюндун сюжеттин алмаштырат дагы кайра бир туугандай ойноп кетет. Анын сыңары чоң киши-лер балдардын урушуна киришип кетпеши керек.

– Мындан тышкары дагы кандай пайдалуу жактарын белгилеп айтып бере аласыз?

– Оюндар коммуникацияны өнүктүрөт. Бир журналист кыз Америкадан кореялык журналист менен ушул жанагы чатыраш деген оюн аркылуу таанышып, сүйлөшүп калганын айтат. Чоң кишилер ушинтип байланышып жатса, балдарга кандай таасир берерин элестетип көрөлү.

– Якутияда кыргыздын улуттук оюндардын кандай кабыл алышты?

– Жакшы кабыл алышты. Биздин чатыраш  оюнубуз  Америкада  да  бар  экен. Себеп  дегенде  чет  өлкөлүктөргө  тренинг өтүп жатсам, бир америкалык бул оюнду чоң апасы үйрөткөнүн айтып калды. Муну менен биздин улуттук оюндарга окшош оюндар  башка  улуттарда  да  бар  дегенди айтмакмын.

Мисалы Якутияда биздин жанагы топташ деген оюнга окшош оюн бар. Аталышы “Хомусни” деп аталат экен. Алар болгону жыгач менен ойношот. Бул эми жергиликтүү калктын жашоо шартына байланыштуу. Себеби, бизде таш көп да. Ал эми аларда жыгач көп. Ошол эле оюн Индияда да бар экен. Алар аны “Гутке” деп аташат. Бир жолу Калугада топташты көрсөтүп жатсам, Индиядан келген аял ойной баштады. Котормочудан буларда да ушундай оюн бардыгын сурасам, бар деп жатпайбы. Мунун менен эмнени айткым келип жатат? Бул баарыбыз бир жер шаарынын балдарыбыз дегендик. Болгону бизди бөлүп жаткан саясатчылар. Болбосо, баарыбызда оюндар окшош, жерибиз бир, максатыбыз бир. Баарыбыз эле балдарыбызга жакшы болсун, тынчтык болсун деген тилек менен жашайбыз да.