Алайда төрт күн мурда жоголгон адам изделүүдө

Алай районунун Будалык айыл аймагынын тургуну төрт күн мурда аң улоого кетип, ошол боюнча табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан бирдиришти.

Маалыматка ылайык, жоголган адам 28-январь күнү саат 08.00дө үйүнөн чыгып, Сары-Күнгөй тоосун көздөй бет алган. ал акыркы жолу үй-бүлөсү менен 28-январь күнү саат 16.00дө телефон аркылуу байланышкан.

Издөө иштери 30-январь күнү башталган. ӨКМдин алты куткаруучусу, туугандары жана милиция кызматкерлери ошондон бери мергенчини издеп жатышат.