Өнүгүү элеттен башталат

Мен Баткен облусундагы Лейлек районунун тургунумун. Президент С.Жээнбековдун “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы” деп, жарыялаганын чын дилимден колдоп, алыскы Баткен облусундагы көйгөйлөр жөнүндө айткым келди.

Лейлек, Баткен райондору (Нарындын Ак-Талаасы,  Оштун  Алайы,  Жалал-Абаддын Чаткалы) Бишкектен гана эмес, облус боборлорунан да алыс жайгашканын, элдин жашоосундагы көйгөйлөр көз жаздымда калган аймактар экенин эч ким тана албаса керек.

Өз убагында чечилбей калган көй гөйлөр жылдан жылга жылып отуруп, аябай көбөйүп кетти. Президент деле Нарынга барып, шайлоочулар менен жолугушканда, ушул жылды “региондорду өнүктүрүү жылы” деп, жарыя айтканы бекеринен болбосо керек.

Эмне үчүн ал сөздү Ошто, же Бишкекте айткан жок? Себеби, бул аймактар Баткен менен Нарынга караганда бир кыйла ыңгайлуу шарттарга ээ. Нарында чек ара маселеси чечилгени  менен,  Баткенде  бул   маселе  алиге чейин толук чечиле элек. Мисалы, Лейлек районун Тажикстандын төрт районунан бөлүп турган чек ара тилкеси зым менен тосулган эмес. Тосулбагандыктан, күз, кыш айларында элдин малы коңшулардын жерине эч тоскоолдуксуз өтүп кеткендиктен, аларды кайтарып алууда ички иштер бөлүмүнө түйшүк жаратат.

Ар  бир  нерсенин  өз  убакты-сааты  болот. Чек ара жана аймактардагы чечилбеген көйгөйлөрдү чечүү, жаңы Президентке буйруган болсо керек. Региондорду өнүктүрүү де-милгесин көтөргөнү эле, аймактардагы элдин турмушун көтөрүүгө далалат кылганынан, айыл элинин турмушун жакшы билгенинен кабар берет. Баткенде чек арадан тышкары, суу маселеси да курч. Баткен, Лейлек райондорунда жер, Кудайга шүгүр, кенен. Суу гана керек. Суу болсо, өздөштүрүлө турган дың жерлер толтура. Суунун аздыгынан жашоочулардын Чүй өрөөнүнө көчүп жаткандыгы – ачуу чындык.

Ак-Турпак, Самаркандек, Лейлектин Арка өрөөнүндөгү жерлерге суу чыгарылса, жылына 3-4 жолу түшүм алынмак. Сууну аз талап кыла турган өрүк, бадам өстүрүлсө, эл аны аз эле сугарып, бир жарым ай ичинде терип, кургатып алышса, бир жылдык жакшы кирешеге марып калышмак. Не дегенде, мөмө-жемиштердин ичинен өрүк менен бадам эң кымбат жемиш. Анын дагы бир артыкчылыгы – сууну, эмгекти аз талап кылат, баасы кымбат, чет өлкөлүктөр, айрыкча араб өлкөлөрү абдан кадырлаган жемиш.

Украиналыктар үчүн картошка экинчи нан катары эсептелсе, баткендиктер үчүн өрүк деле ошондой. Өрүк – эң калориялуу тамак. Бул жемиш тоюмдуулугунан тышкары рак оорусун да алдын алат.

Союз маалы – өрүк кор болгон жылдар эле. Өрүк көп түшүм берген жылдары сата албай, айлабыз кетип, малга берчүбүз, калганы ирип-чирип, курт жеп жок болчу. Коңшу өзбек-тажиктерге окшоп, Россия, Казакстандын шаарларына алып барчу эмеспиз. 1965-жылдары Ленинграддык бир окумуштуу өрүктүн рак оорусун алдын-ала турган касиетин далилдегенден кийин гана, өрүктүн баркы көтөрүлүп, өзбек менен тажиктер Россиянын базарларын басып жатып калышты. Алардан кийин биз үйрөндүк. Баткенде саз жер эмес, кара топурактуу жер жок. Шагыраган таштуу жер.

Таштуу  жердин  чөбү  тоюмдуу,  жер-жемиштери — даамдуу болот. Коңшулардын жериндеги өрүк, коон-дарбыз, жүзүмгө караганда таттуу болгондуктан, коңшулар биздин өрүктү көп алышат. Азыр деле, Баткендиктер өндүргөн өрүгүнүн 25-30%ын гана Россия, Ка-закстандын шаарларына алып барып сатышат, калганын тажик коңшулар дүңүнөн сатып алышып, кыш түшкөндө гана Россиянын шаарларына алып барып сатышат.

Өзбекстандын президенти чек араны ачкандан кийин, өрүктү сатуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы кеңейди. Эми өзбектерге да сатып, башка өлкөлөргө да чыгарууну колго алуу керек. Тажик бизнесмендер бизден алган жана өздөрүнүн өрүктөрүн кичине пакеттерге салып, чет өлкөлөргө сатып жатышат. Чет өлкөлөргө сатып жаткан бизнесмендер Баткенде да бар, бирок, алар өтө эле аз.

Мөмө-жемиштердин  ичинен  эң  барктуусу – жаңгак, өрүк, бадам жана мейиз. Бул төртөө бекеринен, колунда бар адамдардын дасторконунун көркүн ачпаса керек. Кайсы бир жылы (Акаев доорунда) бир түрк бизнесмен Төкөлдөштө өрүктүн сөөгүн Баткенден, Тажикстандан алып келип, жумушу жок кыз-келиндерге чактырып, данегин каптап, самолёт менен Сауд Аравиясына алып барып сатты. Ал кезде, адамдар бири-бирине бут тоскон заман болгондуктан, ага деле чиновниктер бут тосту окшойт, эки айдан кийин кетип калып, жүздөгөн кыздар жумушсуз калды. Биз эмнеге ошол түрктөй иштей албайбыз? Жыйырма беш жыл мурдагы бут тосуулар азыр да бар.

Президент  С.Жээнбеков  жана  Өкмөт, жергиликтүү бийликтер колдоо көрсөтүшсө, азыр миңдеген адамды жумуш менен камсыз кылчу жигиттер четтен чыгат. Баткендин бизнесмендерине гана эмес, карапайым элдин ичиндеги зээндүү кыз-келин, жигиттерге да жеңилдетилген кредиттер берилсе, бул демилгени президентибиз көзөмөлүнө алса, натый-жасы жакшы болмок.

Эгер, жергиликтүү бийлик изденгендин ордуна, кашаңдык кылса, анда аймактар өнүкмөк тургай артка кетип, элдин турмушу дагы оор-лойт. Бул – Президентке бут тоскон менен барабар. Бир нече жылдан бери ар кандай аракеттерди жасаган болуп келдик. Алардын бирөө да элдин, айрыкча айылдын турмушун көтөргөнгө кымындай да жардам берген жок.

Аймактарды  өнүктүрүү  үчүн  дыйкан-чылык жана мал чарбасын өнүктүрүү, жер-жемиштерди кайра иштетүүчү, экспортко чыгаруучу ишканаларды куруу, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарын өнүктүрүү керек.

Ушул демилгенин шарапаты менен бул проблемалар чечилсе, элдин турмушу бат эле оңолот.

Таштемир САПАРОВ, 75 жашта, Бишкек шаары