«Москвага бир туугандарымды багуу үчүн баргам»

Жаңырган жылдын башында Москвада иштеген мекендештерибиздин бири Жаркынай Юсупованын 5-кабаттан кулап кеткени тууралуу укканбыз. Анын жанбаш сөөктөрү, буттары сынып, жардамга муктаж болуп жатканы айтылган. Ошондой эле, боорукер мекендештер Жаркынайга 270 миң сом чогултуп беришкен. Ага Москвадан алгачкы операция жасалып, 20-январда Кыргызстанга келди.

– Жаркынай, сенин терезе парда илем деп жатып кулап кеткениңди угуп жатабыз, окуяны өз оозуңдан уксак?

–  Чындыгында  эле  ошондой  болду. 1-январь болчу. Жумушка барып келгем. Үйдүн ичи үп болгон сыяктуу сезилип, бир аз желдетүү максатында терезелерди ачып койгом. Жабайын десем терезеге парда илинип калган экен. Нары-бери тарткылап оңдой албай койдум. Акыры терезеге чыгып ордуна келтирдим. Түшүп баратканымды бир билем. Андан кийинкиси эсимде жок, ойгонсом ооруканада экемин. Биринчи операцияны жасап коюшуптур. Белимден ылдый темир менен чулганып калыптырмын… Не-гизи каным аз болчу. Отуруп турган сайын көзүм караңгылап, башым айланып кетчү. Менин кулап кетишиме да ушул нерсе себеп болду окшойт.

– Каякта иштечү элең, 1-январь да жумуш күн болду беле?

– 1 жылдан бери “Золотой сезон” деген кыргыздардын кафесинде иштеп жаткам. Ал жерде официант дагы, администратор дагы болчумун. Ошондуктан, иш көп болуп, 1-ян-варда жумушка баргам. Биз күндүз орустарды, кечкисин кыргыздарды тейлечүбүз. Себеби, кыргыздар эртеден-кечке иштегендиктен, алар жумуштан чыккандан кийин тамактанууга келишет. Ошондой эле, биздин кафеде көптөгөн эжелер, байкелер үйлөнүштү. Үй алгандар там тойлорун беришти.

– Ага чейин кандай жумуштарда иштеп көрдүң?

–  Мен  Москвага  2007-жылы  баргам. Ошондон  бери  көп  эле  жумушта  иштеп көрдүм. Бала бактым, үй жыйнадым, сатуучу болдум дегендей.

– Москвага кеткениңе эмне түрткү болду? Бул жакта деле иштесең болот беле?

– Албетте, болмок. Бирок, мен ошол учурда кетүүгө мажбур болгом. Мен мектепти бүткөн жылы ата-энем ажырашып, атам аракка берилип кетти. Биз менен иши болгон жок. Апам жарым жан болгондуктан, иштей алчу эмес. Кыйчалыш кыйын күндөрдүн бирин-де батирибиз өрттөнүп кетти… Анан үйдүн улуусу катары кийинки бир туугандарыма камкордук кылуу үчүн Москвага жол тарткам.

– Камкордук кыла алдыңбы?

–  Кудайга  шүгүр,  2  сиңдимди,  инимди окуттум. Азыр бир эмес экиден жогорку  билимдери  бар.  Турмушка  чыгышты, үйлөнүштү. Эл катары той менен кыз берип, той менен келин алдык. Анын чыгымдарын толугу менен өзүм көтөрдүм. Тырмышып жүрүп апама, анан өзүмө үй алдым. Быйыл, буюрса апам 50гө чыгат. Юбилейине арнап машина алып берсем, Москвага чакырып эс алдырсам деп жүргөм. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен. Апам Москвага шаар көргөнү эмес, мени бакканга барып калды.

– Мектепти бүткөндөн бери бир үйдүн түйшүгүн, арабасын сүйрөп келе жаткан турбайсыңбы.

– 11-классты бүтүп экономикалык факультетке окууга тапшыргам. Бир жыл окудум. Бирок, тилекке каршы, окуумду таштап иштөөгө туура келди. Атам жок, апам иштебейт, калгандары мектепте окуйт. Мен Москвага кетпей эле Кыргызстанда иштесем болмок. Бирок, биздеги айлык-маяна менен бардыгына жеткире алмак эмесмин деп ойлом.

– Атаңар менен байланыш барбы, сенин абалыңды угуп, жардамга келдиби?

–  Атам  менен  анда-санда  бир сүйлөшкөнүбүз болбосо, анчалык жакын эмеспиз. Менин кырсыктаганымды угуптур. Бирок, азыр атамдын мага жардам бергидей акыбалы жок. Эжеси менен бирөөнүн үйүндө жашайт. Ичкиликтин айынан бир нече жолу түрмөгө отуруп чыккан. Кийин кулак угуусу начарлап кетти. Былтыр кантсе атам да деп, кулагын текшертип угуу аппаратын алып бергем. Азыр ошону колдонуп жүрөт.

–  Сага  Москвадагы  мекендештерибиз жакшы жардам берди окшойт.

– Мага Орусиядагы жердештерибиз чоң жардам кылды. Аларга миң мертебе ыраазымын. Балким, кээ бирөөлөр: “10 жылдан бери иштеп жүрсө топтоп койгон акчасы жокпу”, – деп ойлошу мүмкүн. А чындыгында мен тапканымдын бүт барын апама салчумун. Алар күнүмдүк жашоосуна коротушчу.

– Экинчи операция качан жасалганы жатат?

– Сабырбек Жумабеков көрүп: “Бир айдан кийин жасайбыз”, – деди.

– Москвадан качан келейин деген оюң бар эле?

– Негизи декабрдын аягында менин иш-тегенге уруксат кагазымдын мөөнөтү бөткөн. Кыргызстанга келип кетем, же ошол жактан эле узартам деп жаткам. Мен дагы иштемекмин. Азырынча, Кыргызстанга келүү оюмда жок болчу. Себеби, эми өзүмө кезек жетип, өзүм үчүн иштеп баштагам.

– Маалымат булактарында сенин кызың бар экени да айтылууда.

– Ооба. Бир кызым бар. Учурда 5-класста окуп жатат. Турмуш дайыма биз ойлогондой

болбойт экен…