«Сейтек» кичи базарынын соодагерлери түлөө өткөрүшүүдө

«Ош» базарынын кире беришиндеги өрттөнүп кеткен «Сейтек» кичи базарынын соодагерлери түлөө өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

Иш-чарада кичи базардын ээси Чолпон Тойчубекова жана директору Сабырбек Сакинбаев соодагерлер менен жолукту.

«Чоң кырсык болуп кетти. Ушундан улам кыргызчылык кылып кан чыгарып коёлу дедик. Базарда 250дөй адам иштечү. Соодагерлер менен сүйлөшүп кырдаалды талкууладык. Кайра калыбына келтирүү үчүн каражат издеп жатабыз. Өкмөт, Жогорку Кеңешке жана мэрияга жардам сурап кайрылабыз», — деди кичи базардын директору Сабырбек Сакинбаев.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү эртең менен саат 9.40дар чамасында «Ош» базарында өрт чыгып 3500 чарчы метрлик аянтты жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 12 техника тартылган. Түшкө жуук өрт чектөөгө алынып, кечки саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ кырсыктын кесепетинен «Сейтек» кичи базарындагы 108 күркө, «Берекет плюс» базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымадаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.