«Ак илбирс-2018» кино сыйлыгына тасмалар кабыл алына баштады

«Ак илбирс-2018″ улуттук кино сыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу 31-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түрдүү жанрдагы фильмдерди Кинематографисттер бирикмеси 1-мартка чейин кабыл алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо апрелде болот.

Толуктай кетсек, «Ак илбирс» сыйлыгы Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти тарабынан демилгеленип 2012-жылыл уюшулган .