Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттары кимдер?

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун кайсы депутат коомдук транспорт менен жүрөрүн жазды.

Ал жөө жүргөн депутаттар коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кеткен.

Жөө жүргөн депутаттардын арасында Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулина бар. Ошондой эле  ЖК төрагасы Дастан Жумабеков Төрагалык кызматка келгенге чейин маал-маалы менен коомдук транспортто жүргөн деп жазган ал.

Эскерте кетсек, ЖКнын депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүн парламент жыйында эртең менен жумушка келе жатканда маршурткадан түшүп жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө уялып жатканын билдирген.