2-февралга карата аба ырайы

2-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8,

Талас жана Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 6…8° болот.