Алматыда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары чогулду

Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана «Глобализация доорунда санариптик чакыруу» форумуна катышууда.

Ага уюмга мүчө мамлекеттин өкмөт башчыларынан тышкары Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зокирзода Маxмадтоир Зоир катышат.

Өкмөт башчылар тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта жолугушат.

Аталган жыйындын алкагында Сапар Исаков Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландалган.