Гүлсина ЧОТОНОВА, кино актриса, теле режиссер:  «Боз топурак кирпигиңди жаап, кулагыңа толуп калганча ойнойсуң, кыз кантип сендей болсун?.. – дечү апам»

“Күтүүсүз коңгурообуздун” бүгүнкү мейманы – Гүлсина Чотонова 1975-жылдын 11-январында Аксы районунун Сыны айылында туулган. 1992-жылы борборубуздагы № 5 орто мектепти бүтүрүп, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган. Алгачкы эмгек жолун 1997-жылы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында баштап, 1998-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин КТРКда режиссер. КТРКнын мыкты кызматкери.

– Алло, кутмандуу кеч, Гүлсина. “Кыргыз Туусунун” “Күтүүсүз коңгуроосу” тынчыңды алып жатат. Кайдасың?

–  Иште  эле,  эже.  Жумуш  убактысы  аяктап  калбадыбы,  бүгүн  жасалган жумуштарыбызды  жыйынтыктаганы жатабыз.

– КТРКнын кайсыл бөлүмүндө?

–  КТРКнын  “Арноо  концерти”  көрсөтүүсүнүн режиссеру эмесминби. Айтылуу дикторлор, КР эмгек сиңирген ишмерлери Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева менен бирге иштейм.

– Сен да бир топ эмгек жасап койгон кызсың да.

– Рахмат, эже. Деги эле: “Бакыт деген адамга кайдан келерин жана ал кандай экенин билбейсиң”, – дешет го. Өзүмө-өзүм баа берсем, жарытылуу деле эмгек жасай электен ойлойм. Бирок Жараткан мени жакшыларга насиптеш, үзөнгүлөш, туздаш кылды десем болот. Ата-энебиздей акыл-кеңешин аябайт.

– Кут кылсын. Ата-эне демекчи, балалык тууралуу эстегенде оюңа алгач эмне келет?

– Ата-энемдин чексиз мээрими, бир туугандарымдын бийик сезими менен, өзүмдү бүтүн сезип чоңойдум. Беш уулдун ортосунда жалгыз кызмын. Эрке өстүм. Бала кезимде: «Эркек мүнөзсүң, сөгүнөсүң, куурчак ойнобойсуң, чыбыктан ат минесиң. Кыз-келиндерге сырдаш эмес, уул балдар менен булактардан чабак уулап кетесиңер. Чаңы асманга сапырылган чоң жолдун боз топурагы кирпигиңди жаап, кулагыңа толуп калганча ойнойсун, кыз кантип сендей болсун? Эркек менен аялдын жаратылышы, жаралышы эки башка экенин качан түшүнөр экенсиң, эркекке энеңдей ишенүүгө болбостугу ызага турбаса экен сага, кызым!» – дечү апам.

– Чыгармачыл, айрыкча сахнанын, кинонун адамдары сыртынан караганда эч санаасы жоктой көрүнөт…

– “Силерге эле жыргал, ойноп-күлүп, ырдап, роль аткарып коюп эле…” дешет. Ошол эле роль аткаруунун канча түйшүгү бар.  Жаратып  жаткан  образыңды  нак өзүндөй  чыгаруу  үчүн  анын  жашоосун жашооң керек. Каармандын канчалаган азабын, жыргалын, күйүтү менен сүйүнүчүн мойнуңа алып, тагдырын жүрөгүн аркылуу өткөрүш керек. Көпкө чейин ошол образдан чыга албай, кыйналган учурлар да болот. Кээде адамдар өз бешенесине жазылган тагдырды көтөрө албай кыйналышат. А актер-актрисалар канча тагдырды, болгондо да орчундуу, көйгөйлүү тагдырларды жашоого туура келет.

– Кино – сенин жан дүйнөңдүн бир аялуу баалуулугундай сезилди?

– Кинону сүйөм! Ыйык тутам. Кыргыз киносун жаратып, түптөп, сактап, киного дитин да, дилин берип, өмүрүн арнаган асылдарга таазим этем. Кино жөнүндө кеп кылууга акым барбы?! Жазганам. Демек; мен үчүн кино – бийиктин бийиги. Кыргыз керемитин жаратуучардын бири, ойчул режиссер, КР эл артисти Г.Базаровго ыраазымын. Кино деген сыйкырга баш бактырды. Тагдыр дейминби, жазмыш десем болобу, айтор менин бары-жогум байкалбаган керемет дүйнөдө мезгил токтоп тургандай, ар бир мүнөтү майрамдай сезилген дүйнөдө, балапанына жем издеген бүркүттөй, мага берилген ишеним үчүн, берилген ролум үчүн, дараметимди аңдабай туруп эле,  тобокелдикке  салып чексиздикке  сүңгүп  кетүү, белгисиз бир тагдырга бет алуу  ишеними  мага  бакыттай  сезилип кетет. Татыктуумунбу, жокпу, ал башка кеп.

– Сен баалаган нерсе?

– «Талант» деген бакытка эгедер, мээнеткеч, эмгекчил, мекенчил, адамдарды көп көрдүм, алардан үлгү алганга аракет кылам, сыймыктанам. Алардын арасында, досторум бар, тутунган эжелерим бар, ага-ини, сиңдилерим бар, тааныганым бар, тааныбай-билбей талантына таазим эткендерим андан көп. Жараткан жалгап, бар болушсун! Ошол асылдарымдын арасында Ырыс деген кыз бар – Ырыс Окенова. Кийинки убактарда «Ала-Тоо таңшыйт» музыкалык долбоорунун беделин көтөрүүгө биргеликте аракет кылып жатабыз!

– Бүгүнкү аяз, чыкыроон суук жан дүйнөңдү үшүткөн жокпу?

–  Бүгүнкү  аяздуу  кыштын  таасири окшойт, эже. Бүгүн мен кышты, аязды, суукту «чындыкка» окшоштурдум негедир. Чындык – ушундай ачуу, аруу, ак, аяздуу, жанга жагым, бирок кооптуу, мээңдеги арсыз ойлорду силкип, элеп салган, көздү көндүргөн жасалма сулуулукту тоңдура алган, Асманды да, Жерди да аппак кылып, бириктирип салган, ортодо Күндүн да көзү көрүнүп, көрүнбөйт… Чындык ушундай болушу мүмкүнбү, эжоо!

– Ушу азыр көз алдыңда, көкүрөк-көңүлүңдө турган нерсе?

– Бала кездин асманы. Ал анда чаңкай көк, бийик көк, чексиз көк болчу. Көрсө, анын биз ал кезде сезбеген да жагы да бар экен. Муздак көк, жылуу көк…

– Неге?

–  Чексиз  болгону  менен,  кээде  ага аралык  бир  кадамдай.  Анан  да  жылуу түнөгүңдөй: койнуна атаңды алган, бир бооруңду алган, моюндаш досторуңду, кыйбас асылдарыңды алган… Адам жаны ошол чексиздикке кайып болуп кетет эмеспи. Адам үчүн мезгил менен ажалдан ашкан таш боор болбос деген – ак сөз!

– Кел, өзүңдүн үй-бүлөң тууралуу сүйлөшөбүз?

– Жолдошум Акылбек Табышов экөөбүз үч баланы чоңойтуп жатабыз – эки уул, бир кыз.

– Эркелигиңди ошолорго берген турбайсыңбы?

–  Жок.  Балдарымды  көп  эркелетпейм. Анткени мен эркеликтин, боорукерликтин, жумшактыктын, элпектиктин, борпоңдуктун азабын тартып калган учурларым болду, балдарыма аны каалабайм. Чыйрак болуусун каалайм.

– “Күтүүсүз коңгуроо” аркылуу окурмандарга, жакындарыңа каалооң?

– “Ыйык туткан Мекен, үй-бүлө, эмгек үчүн – ак бол” – деген таамай айтылган сөз экен, ээ. Тирүүчүлүктө Жараткан буйруп кошкон, тилеп алган жана тандап алган жакын адамдарыма, кыйбастарыма, асылда-рыма, элиме ак дилимден башка берерим, арноом жок экендигин билем. Анан ошо-го каниет кылым, аны сактаганга дем-күч сурайм, амандыгын тилейм.

– Кышты сүйгөн жаз… Сенин жан дүйнөң тууралуу эмнегедир ушинтип ойлодум.