Темир Жумакадыров кабылган кырсыкка күнөөлүү айдоочу 10 жылга кесилди

Чүй облусунун Москва райондук соту Темир Жумакадыров менен дагы эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 10 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарды. Өкүмгө ылайык, айыпкер жазасын турак колониясында өтөйт.

Эскерте кетсек, аталган ишти кароо 25-январда башталган. Андан кийинки процесс 30-январда өтүп, анда мамлекеттик айыптоочу күнөөкөргө 11 жыл берүү менен 2,1 миллион сом айып төлөтүүнү сунуштаган. Ал эми жактоочу соттолуп жаткан жарандын толугу менен күнөөсүн мойнуна алганын жүйө келтирип, камакка албоону суранган.

Эске салсак, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында «КамАЗ» менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.

Милиция кийинчерээк жол кырсыгы кандайча болгондугун алгачкы маалыматтарында айтып берген. Жүк ташуучу автоунаанын алдына машина токтоп, андан качам же озуп өтөм деген КамАЗдын айдоочусу жол тандабас менен кагышып, аны 50 метрдей сүйрөп барып, жол жээгинде турган зым карагайды сүзүп, жолдон чыгып кеткен.

Булак: Спутник