Жээнбеков менен Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө Биргелешкен билдирүүнүн тексти:

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча 2018-жылдын 1-2-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасына расмий сапар менен барды.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери (мындан ары — Тараптар) достук маанайда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулады.

Тараптар достук, ынак коңшулук, өз ара сый-урмат, мамлекеттин суверендүүлүгү, аймактын бүтүндүгү, тең укуктуулук жана бири-биринин ички ишине кийлигишпөө принциптерин жактаарын тастыктоо менен, дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25-жылдыгы ичинде кыргыз-тажик кызматташтыгы саясий, экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка эки тараптуу өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө алдыга өнүккөнүн канааттануу менен белгилеп, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негизи жөнүндө келишимдин жана 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулук өнөктөштүк мамиле жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган эки тараптуу өнөктөштүктү андан ары бекемдөөгө умтулуп жана сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтердин маанилүүлүгүн белгилеп, төмөнкүлөр жөнүндө билдирет:

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ынак коңшулук мамилесин андан ары ар тараптуу бекемдөө эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары, Борбордук Азия регионунда коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо үчүн кызмат кылаарын белгиледи.

Тараптар өнөктөштүктү мындан да бийик деңгээлге чыгаруу жана тереңдетүү максатында, бардык негизги чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдердеги тыгыз байланышты колдоонун, ошондой эле парламенттер аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыктын механизмин өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Тараптар тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө, регионалдык жана глобалдык масштабда ишеним жана өз ара түшүнүшүү маанайын күчөтүүгө көмөк көрсөтүүгө болгон өзүнүн аракетин белгиледи.

Тараптар эл аралык терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук жана башка коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү максатында, тышкы саясий, аскердик жана аскердик-техникалык жааттарда кызматташтыкты бекемдөөнү жана тереңдетүүнү көздөйт. Тараптар эки мамлекеттин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоону камсыз кылуу үчүн бул жааттарда келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу, кызматташуунун натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу маанилүү экендигин тастыктады.

Тараптар бул контекстте 2017-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Ислам заманбап светтик мамлекетте» аттуу Эл аралык конференцияны оң баалап, ошондой эле 2018-жылы Душанбе шаарында өткөн «Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттер» аттуу бийик деңгээлдеги Эл аралык конференциянын маанисин баса белгиледи.

Тараптар Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш, Тышкы иштер министрлеринин Кеңеши, ошондой эле эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Тажик өкмөттөр аралык комиссия сыяктуу туруктуу институционалдык механизмдин натыйжалуулугунун маанисин белгиледи.

Тараптар конструктивдүү кызматташтык, өз ара түшүнүшүү жана ишеним рухунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык жаатында эки тараптуу өз ара иштешүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу максатында, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Кыргыз-тажик биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия тарабынан чечимдерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу сооданын көлөмүн өстүрүүнү камсыздоого, анын түзүмүн диверсификациялоого жана экономикалык кызматташтыктын узак мөөнөттүү формасын өнүктүрүүгө аракеттенип, кызматташтыкты жандандыруу жана соода-экономикалык чөйрөдөгү министрликтердин жана ведомстволордун туруктуу байланыштарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштын маанилүү түзүүчүсү болуп эсептелген эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында өз ара жол жүрүүсү жана болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт.

Тараптар өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперацияны сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында соода-экономикалык жана илимий-техникалык жааттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин ортосунда тикелей байланыштарды кеңейтүүнү жана бекемдөөнү, товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү макулдашты.

Тараптар транспорт, энергетика, өнөр жай, соода, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү үчүн жагымдуу шарттар бар экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Тараптар ишкер байланыштарды мындан ары жандандыруу зарылдыгын айтты.

Тараптар эл аралык транспорттук коридорлорду түзүү боюнча ар кандай долбоорлорго өз ара катышуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнү жана кеңейтүүнү транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү жана эки мамлекеттин транспорттук коммуникациялары аркылуу транзиттик жүк ташууларды киргизүүнү шарттайт.

Тараптар аба катташуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчылары андан ары кызматташуунун жана өз ара кызыкчылык жараткан суу-энергетикалык маселелер боюнча консультацияларды улантуунун маанисин белгиледи.

Тараптар Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана сарамжалдуу колдонууну жактайт жана бул жаатта өз ара пайдалуу кызматташтыктын туруктуу механизмин иштеп чыгуунун маанисин белгиледи.

Тараптар CASA-1000 региондук долбоорун ар тараптан жактаарын билдирди жана аны тез арада ишке ашыруу боюнча өз ара жигердүү аракеттенүүнү макулдашты.

Тараптар окуу жайларынын, уюмдардын, маданият жана искусство ишмерлеринин, илимий-изилдөө борборлорунун, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы байланыштардын, спорт жана туризм жаатындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин белгилеп, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкка өзүнчө көңүл бурду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн Тажикстан Республикасында жана Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүн Кыргыз Республикасында өткөрүү тууралуу жетишилген макулдашуулардын маанисин белгиледи.

Тараптар Тажикстан Республикасында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде жана Кыргыз Республикасында окутуу тажик тилиндеги жүргүзүлгөн мектептерде окугандарга эне тилиндеги окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн паритеттик негизде жагымдуу шарттарды түзүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Тажик тарабы маданият аралык диалогго көмөк көрсөтүүчү Кыргызстанда туруктуу өткөрүлүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына оң баа берди.

Тараптар өз өлкөлөрү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдоорун белгилеп, БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ, ЖККУнун, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы катышуучу болуп саналган башка көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн эл аралык жана регионалдык институттарынын алкагында мындан ары да тыгыз өз ара аракеттенип, өз ара колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

24. Тараптар туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү үчүн Тажикстан Республикасы демилге кылган БУУнун БАнын 2018-2028-жылдарга “Аракеттердин эл аралык он жылдыгы”, “Туруктуу өнүгүү үчүн суу” Резолюцияларын ишке ашырууда өз ара жигердүү аракеттенүү ниетин билдиришти.

Тараптар Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында жайгашкан уран калдык сактоочу жайлардын көйгөйлөрүн актуалдуулугун жана маанисин көңүлгө алып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын жүрүшүндө Борбордук Азиядагы уран калдыктары проблемаларын чечүүгө эл аралык колдоо көрсөтүү чакырыгы камтылган резолюцияны жылдыруу зарыл экендигин белгилешти.

Тараптар жогорку деңгээлде туруктуу байланыштарды колдоорун макулдашты жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары коңшу эки элдин достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерин мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берээрин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жылуу жана чын жүрөктөн кабыл алгандыгы үчүн Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго жана тажик элине терең ыраазычылык билдирди жана Тажикстан Республикасынын Президентин каалаган ыңгайлуу убакта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды. Сапардын мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.