5-февралга карата аба ырайы

5-февралда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12.

Бишкекте 5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 0…-2 градус суук болот.