Ата-энесин күткөн балдар…Биздин күндөрдө же аргасыз ата-эне мээриминен ажыраган баланын келечеги кандай болот?

Жакында эле Нарында жүрөк үшүткөн окуя катталды. Энесин издеген эки жаш бала кечки иңирде көчөдөн табылып, алардын үшүп калышкандыктары белгилүү болду. Ат-Башы районунун администрациясы берген маалыматка таянсак, 12-январда милициянын кызматкерлери бак-шактардын арасынан 5 жана 7 жашар бөбөктөрдү таап алышкан. Алар Ача-Кайыңды айылында жашаары жана Бишкекке кеткен апасын издеп чыкканы такталган. Көрсө, бул балдардын жалгыз бой энеси шаарга акча табуу үчүн кетип, аларды таэнесине таштаган экен. Бул окуя боюнча коомчулукта ар кандай ача пикирлер жаралып, айрымдары энесин ата-энелик укуктан ажыратуу керектигин айтышса, айрымдары балдарын багуу үчүн иштөөгө аргасыз болгон эненин күнөөсү жоктугун айтып чыгышты. Учурда ал кайтып келген, балдарын мындан кийин таштап эч жакка кетпей тургандыгын айтууда жана ага эскертүү берилди.

 Миңдеген балдарды тирүүлөй жетим кылган миграция

Статистикага таянсак, Кыргызстанда кароосуз жүргөн ар бир беш баланын төртөөсүнүн ата-энеси эмгек миграциясына кеткендер. Мындай кароосуз балдардын мууну эртеңки күнү коомго көйгөй болбой койбойт деп ким кепилдик берет? Өспүрүмдөр арасында катталган суицидди териштире келгенде да басымдуу бөлүгү ата-энеси менен чогуу жашабагандар. Адистер сырттагы мигранттардын расмий санына карап, учурда Кыргызстанда болжолдуу 200 миң бала ата-энесинин камкор-дугу  жок  жашап  жаткандыгын белгилешүүдө. Мындан үч жыл мурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги 316 миңден ашык үйдү кыдырып, 61 миң баланын ата-энеси эмгек миграциясында экенин аныктаган. Ал эми интернатта жашаган балдардын 10%дан 40%га чейинкисинин ата-энеси сыртка иштегени кеткендер. Ички жер которуу да балдардын толук кандуу билим алып, камкордукка  алынышына  кедергисин тийгизүүдө. ЮНИСЕФ уюмунун адистери Бишкек четиндеги он бир жаңы конушту кыдырганда, бир жылда отуз күндөн ашык мек-тептен калган үч жүзгө чамалуу баланы каттаган. Ал эми иште-ген мектеп окуучулары бир жыл-да 80-90 күн мектептен калаары белгилүү болгон. Кыргызстанда улам барган сайын кароосуз калган балдар көбөйүп, мектеп жашындагы балдардын оор жумуштарды аткарып, акча табуусу адатка айланып барат.

Өлкөдөгү кароосуз калган балдардын көбөйүшүнүн эң башкы себеби – жумушсуздук. Изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда жарандар аракечтик (57%), үй-бүлөдө балдарды уруп-согуу (36%), банги заттарын колдонуу (6%), сойкулук жана башка коомго коркунуч алып келе турган жосундарга барышат. Аракечтик – бул социалдык-экономикалык кыйын кырдаал менен тыгыз байланыштуу. Статистикалык маалыматтарга таянсак, республикада арактан көз каранды 22 миңдин тегерегиндеги адам каттоодо турат, алардын ичинен 2,5 миңдейи аялдар.

Мээримге тойбогон бала мээримсиз болуп чоңоёт

Гарвард университетинин профессору Роберт Роулз “Эгерде биз өз балдарыбыздын келечегине камкордук көрбөсөк, анда алар келечекте өзүбүзгө каршы чыгат” деген экен. Психологдордун айтуусунда жоопкерчиликсиз, турмушка жеңил караган кыз-жигиттердин көбөйүүсүнө үй-бүлөлүк баалуулуктардын жетишсиздиги негизги себеп болот. Кыргызстанда соңку жылдары өз баласынан баш тартып, балдар үйлөрүнө, интернатка калтырып кеткендердин саны көбөйгөн. Баласын төрөп, андан арылуу үчүн ар кандай мыкаачылыкка барган аялдар да катталган. Сөзүбүз куру болбосун үчүн бир нече мисалды келтирели. Жыл башында Токтогул районунда даараткана ичине ыргытылган ымыркай баланы сактап калышкан. Энеси табылып, ага кылмыш иши козголгон. Бишкекте бир нече жолу таштанды арасынан жаңы туулган наристелердин сөөгү табылган. 16-ноябрда Санкт-Петербургда таштандынын жанындагы желим чакада жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Териштире келгенде анын энеси кыргызстандык кыз болуп чыккан. Андан мурдараак, Екатеринбург шаарында кыргызстандык келин базардагы дааратканада төрөп, ымыркайды тумчуктуруп жатканын соода борборундагы кароолчу көрүп, тез жардам чакырганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өткөн жылы ташталган наристелердин саны 95ке жеткен. Ушундан улам, Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды наристелерди аман алып калуу үчүн, аларды калтырып кетчү кутуларды же «бэби бокстарды» ачуу демилгесин көтөрүп чыккан.

Жалпысынан  алганда  2017-жылы Москвада кароосуз калган кыргызстандык 15 ымыркай Кыргызстанга берилди, алардын көпчүлүгүнүн ден соолугу начар.

Ал эми Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун маалыматына ылайык, азыркы күндө андагы кароосуз калган ымыркайлардын саны 48. Жан багуунун аргасы албетте, адамды кандай гана жолдорго түртпөйт. Ошентсе да, балдарды бапестеп өстүрүү биринчи кезекте анын ата-энесинин мойнундагы милдет эмеспи. Кийимдери тургай беттери жуулбай, чачтары үрпөйүп, кийимдери жыртылып, жүдөгөн балдарды көчөдөн көп көрөбүз. Алардын дээрлик бардыгы тилемчилик кылып, жертөлөлөрдө, жылытуу түтүкчөлөрү өткөн жерлерде жашашат. Мындай «көчө балдарынын” көбүн үйлөрүнөн  качышкан  14-16  жаштагы өспүрүмдөр түзөт.

Балдарды кароосуз калтыруу аргасыздыгы

Жакында Жалал-Абад шаарындагы балдардын реабилитациялык борборуна балдарын убактылуу таштап кеткен эне төрт айдан соң гана Дубайдан байланышка чыккан. Ал балдарын көрүүнү кааларын айткан. Бирок, шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери эки баласын таштап кеткен эне менен байланыша албай жаткандыгын айтышат. “Эгер ал байланышка чыкса, биз ага ата-энелик укугунан ажыратылгандыгын билдирет элек. Ал балдарын аталган борборго убактылуу гана жайгаштырып турууну өтүнгөн. Бирок төрт ай өттү. Балдарды мындан ары борбордо кармоого мыйзам жол бербейт. Биз балдарды мындан ары калтыруу үчүн сотко энесин ата-энелик укуктан ажыратуу туурасында арыз жазууга мажбурбуз. Эгер балдардын апасы балда-рын кайтарууну кааласа алты ай убактысы бар” дешет алар. Мындай мисалдар ондоп саналат жана балдарды кароосуз калтырууга аргасыз кылган жагдайлар дагы көп.

Кыргызстанда балдардын 6,5%ы жетим же ата-эненин бирөөсүнөн ажыраган. Республикада 130 миңдин тегерегиндеги жетим же ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдар жашайт. 114 миңдин тегерегинде-ги бала каралашкан адамын жоготконуна байланыштуу пенсия алса, калгандары ай сайын социалдык жөлөк пулдарды алат. Акыркы жылдарда кыргызстандыктар 4 миңге чукул баланы асырап алса, дагы 3 миңден ашык бала камкордукка берилген. Фостердик үй-бүлөлөргө 2014-жылдан тартып 60га чукул бала тапшырылган.

Кыргызстанда  балдар  үй-лөрүндө  тарбияланып  жаткандардын 6%ы гана томолой жетим, калганынын ата-энеси экөө тең, кээ бирлеринин атасы же энеси тирүү. Ал эми Бишкектеги Кароосуз калган балдардын реаби-литациялык борборунда учурда жүзгө жакын бала тарбияланууда. Алардын эң кичүүсү эми гана там-туң баса баштаган бир жарым жашар наристе болсо, улуулары 15-16 жаштагылар.

Эми балдарга мамлекеттик камкордук күчөйт

Учурда  вице-премьер-министр  Гүлмира  Кудайбердиеванын  жетекчилиги менен үй-бүлөнү, энеликти, балалыкты коргоо боюнча өкмөттүк программа түзүлүүдө. Анда биринчи кезекте үй-бүлөлөрдүн өнүгүүсүнө, кыйналып жаткандарына  жардам  берүүгө  шарт түзүүчү кызматтарды ачуу, энелерге колдоо көрсөтүү, зомбулукка кабылган балдарды коргоо системасын иштеп чыгуу каралууда.

Өкмөт кароосуз калган балдарга мамлекеттик камкордукту натыйжалуу алып баруу үчүн балдар үйлөрүнүн түзүмүн оптималдаштырууну да көздөйт. Буга чейин мамлекеттин карамагындагы балдар үйлөрүн оптималдаштыруу үчүн өкмөттүн токтому да чыккан. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, Кыргызстан боюнча кароосуз калган балдардын үлүшү 6 пайызды түзөт. Ал ошондой эле балдар үйлөрүнө барганда ата-энеси бар, багар-көрөр жакындары бар эле балдардын тарбияланып жатканы айкын болгондугун айтат.

Балдар үйлөрүнүн жетекчилери «120-130 бала тарбияланат» дешкени менен текшерилген балдар үйлөрүндө анча бала болгон эмес жана көпчүлүгү кароосуз калган балдар үйлөрү жайгашкан райондордун айылдарынан келген ата-энеси бар балдар болгон. Мындай балдар үйлөрүн кармоого кеткен жана балдардын тамак-ашын менен кийим кечесин сатып алууга жумшалган каражатты пайдаланууда өтө чоң коррупциялык схемалар бар экенин айткан Ч.Султанбекова прокуратура органдарына ар бир балдар үйүн текшерип чыгып, ошондой кыңыр иштерди ачыкка чыгарып, чара көрүү маселесин коюлуп, протоколдук тапшырма берилгендигин да айтат.