Среда, 24 апреля, 2024
9.1 C
Бишкек

Кыргызстандык теннисчи эл аралык турнирде күмүш тагынды

Кыргызстандын абсолюттук чемпиону Владислава Андреевская Казакстандын Караганда шаарында өткөн W15 эл аралык теннис турниринде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын Теннис федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык теннисчи орусиялык Ксения Ласкутова менен биргеликте беттешке чыккан. Владислава менен Ксения биринчи айлампада орусиялык Мария Михайлова жана Ева Гаргушаны (7:6, 6:7, 10:4), экинчи айлампада казакстандык Татьяна Николенко жана Ingkar Dyussebay (6:2, 2:6, 12:10), ал эми үчүнү айлампада орусиянын спортчулары Аглая Федерова жана Дарья Зелинскаяны (6:4, 6:3) жеңген.

Кыздар биринчи орун үчүн болгон оор беттеште Виктория Михайлова менен Анастасия Поплавскаяга (2:6, 6:3, 5:10) жеңилип калып, күмүш сыйлыктын ээси болушту.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар