«Керээз» – бүгүнкүгө сабак

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында КР эмгек сиңирген артисти, таланттуу актер жана режиссер маркум Марат Козукеевдин режиссердугу менен драматург Кайрат Иманалиевдин «Керээз» спектаклинин премьерасы үч күн аншлаг менен коюлду. Натыйжада ал үч күндүк театр майрамына айланды.

Театрда спектаклди даярдоодо артисттерин көрүнбөгөн күчтөр көтөрүп турат, алар – режиссер, сүрөтчү-сценограф болуп бардык техникалык кызматкерлерди артисттерге кошкондо жүзгө чамалаш адамдардын эмгеги жатат. Ушулардын баарын оркестрди башкарган дирижердой болуп режиссер кармайт. Кейиштүүсү – ушул премьераны режиссер Марат Козукеевдин өзү көрбөй калгандыгы. Спектаклди көркөм кеңеш кабыл алууга он күн калганда асылган оору алып кетти, арман…

Бирок, «жакшы адамдын арты той» деп кыргыз эли айтмакчы, учугун улаган Данияр Жанжигитов менен драматург Кайрат Иманалиевдин, чыгармачыл жамааттын аракети менен иш максатына жетип, премьера ийгиликтүү коюлду, буга да каниет. Бул жагын айтканда Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын жетекчилиги баштаган жалпы жамааты чоң сөзгө арзыйт.

К.Иманалиев буга чейин деле театрларда спектаклдери коюлуп, драматург катары белгилүү. Ал эми бул «Керээз» спектакли драматургдун ийгилиги деп айтууга толук негиз бар. Спектаклде кыргыз элинин 19-кылымдагы тарыхый окуяларын сүрөттөлөт. Баш каарман Боронбай Меңмурат уулу Кытай, Орус, Бухара, Казак, Ооган, Кокон бийлигине таанылган тарыхый инсан. Ал өз учурундагы заманынын элге алып келген оош-кыйыш окуяларында калыстыкты кармап, парасаттуу ак сөөктүк мырзалыгы менен иш билгилиги аркылуу «караңгыдан көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» акылгөйлүгү аркылуу таанылган. Кыргыз эли сөз багып, сөзгө жыгылган эл. Ооз эки адабиятыбыздын тарыхындагы өчпөс ысымга айланган кадимки залкар Арстанбек акынды Анжияндан Ысык-Көлгө алып келгени Боронбайдын дагы бир артыкчылыгы болгон. Кантсе да калың эл акынды уккан. Арстанбектей көзү ачык даанышман акын элдин байлыгы экендигин ал көрө билген.

Ошол  мезгилде  Кокон  хандыгынын, Россия падышачылыгынын кооптуу саясатынын алдында өткөөл мезгилдин шамалына туруштук  берүүгө,  элди  бүтүндүктө  сактап калууга Боронбайдай эл жакшылары туңгуюктан жол табуунун аракетин жасашкан. Тагдырдын буйругу менен чынында да Боронбай бий эл жакшысы катары мансап күттү, бирок ал дагы мансаптан жыргап кеткен жок. Аны түшүнгөндөр аз болду. Мансап, ордо, бийлик талаш абалтадан болуп келген, боло берет, кайсы заман болбосун бул актуалдуу маселе. Автор спектаклде мына ушундай маселелерди козгоо менен окуяларды курч алып чыккан. Сырткы күчтөрдүн кыргыз урууларын чабыштыруу менен чачыратып, бөлүүгө тукуруусу уруу-уруулар ортосундагы пикир келишпестиктердин чырагына май тамызган. Мына ушундай оор сынактарда Боронбай бий кыргыз элин Россиянын курамына кошулуусун туура тапкан, мезгил агымы ошого аргасыз кылган. Алгачкы орус экспедициясы менен Семенов-Тянь-Шаньскийдин жана казак окумуштуусу Чокан Валихановдун кыргыз жерине келиши да спектаклдеги негизги окуяларды ичине камтыйт.

Спектаклдеги башкы каармандардын бири – Ормон хан. Кысталыш доордо кыргызда кызыл тебетей хан болуп Ормон шайланышына да Боронбай акылдуулук менен карап каршы болгон эмес, курултайда аны өзү колдогон. Бирок баягы эле уруу-уруу ортосундагы карама-каршылыктар Боронбай менен Ормондун ортосундагы  жылуу  мамилеге  муздак суу бүрккөн. Алар сокур намыска уугуп, балдарынын тагдырына да караган эмес. Арманы бар дүйнөдөгү чыккынчылык, кутумчулук кыргыздагы бугу менен сарбагыштай эки чоң уруунун ортосундагы чагымды күчөткөн. Дегеле эл башында турган инсан башын канжыгага байлаган, керек кезде эл намысы үчүн курмандыкка чалынган адам болот. Ормон хан да ошондой бийликтин курмандыгы болду.

Спектаклде салттарга да мүмкүн болушунча көңүл бурулган. Мисалы, Балбай баатырды тогуз ай кармаган ордон чыгарганда жабылган сый чапанын баатыр ийнинен силкип таштап Ормонго бир кылчайбай кетиши, сөз айтпаса дагы түпкү маанисинде эртеңки күндө ичине кек сактап, кооптонуу жараткандыктын белгиси.

Спектаклде көпчүлүк каармандарды жаштардын ойноп чыккандыгы кубандырат. Баш каармандар Боронбай бийдин ролунда Эржан Осмонов менен Ормон хандын ролунда Жеңишбек Смановду өзгөчө белгилеп айтууга болот. Буларда актердук тажрыйба азырынча аз болгону чындык, бирок жаратылышында талант менен дымак бар. Боронбайды ойноп жатып Эржан Осмонов өзүн эркин сезип, кадимки бийдей калдайып сабырды тутуп, элге алынган ишенимдүү образ жараткан. Баш каармандын жандуу элесин берүү менен актердук жөндөмүн кесипкөйлүк деңгээлде далилдей алды. Ал эми Ормон хан чынында көп кырдуу, эмоциясы чыңалган, татаал образ. Каармандагы ойдун багыты чукул өзгөрүп, кайра өөрчүп олтурат. Ормондун ролундагы Жеңишбек Сманов ошондой татаал мүнөздү көрүүчүгө турмуштагыдай ишенимде жеткире алды.

Албетте,  улуу  муундагы  чеберлер Табылды Актанов – Сарт аке, Чоро Думанаев – Ажыбек датка, Эгемберди Бекболиев – Карга аке, Калык Акматов – Калыгул олуя, Шайымбек Кыдырмаев – Жантай бий, Тилек Жумагазиев – Медет датканы ойноп сахнанын көркү болуп турушканына сөз жок. Ал эми, Мүйүздүү эненин ролундагы Гүлайым Каныметова, Курманжан датканы ойногон Тынара Абдразаева, Боронбайдын энеси Данаканды ойногон Калича Сейдалиева, Алмакандын ролундагы Шайгүл Алсейитова, Суусардын ролундагы Вера Сариева көрөрмандарга көп нерсени билдирген сезим калтырышат. Кийинки муундан Алымбек датканы аткарган Азиз Мурадиллаев, Жангарач бийди ойногон Асхат Сулайманов, Балбай баатырды ойногон Камчы Сарыбаев өз деңгээлинде образдарды жарата алышкан. Спектаклдеги башка кейипкерлерди аткарган жаш артисттер да ушундай эле мактоого татыктуу.

Кыскасы бул театрда өткөөл мезгилиндеги бир тыныгуусун толуктап, залкарлардын учугун улап кетер жаңы муундун өсүп чыгып келе жатканы кыргыз театр искусствосунун өсүп келе жатканы деп кабылдоого болот. Кудай буюрса, театр өнөрүндө ички дүйнөсү, турган келбети баатырдык спектаклдерди коюуга шайкеш келген, эпикалык пландагы таланттуу жаңы ысымдар чыгат деген ишеним чоң. Аталган театрдын репертуары «Керээз» спектакли аркылуу дагы бир кең масштабдагы абройлуу эмгек менен толукталды, кут болсун.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер