Араванда кудукка түшүп кетип, 4 жаштагы бала чарчап калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагына караган Уйгур-Абад айылында төрт жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-февраль күнү саат 15.00дөр чамасында болгон.

Жерине барган куткаруучулар баланын сөөгүн кудуктан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.