Окшошпосоң коё кал…

Мындайды атайылап да жасай албайсың. Кээде турмушта аты-жөнү уйкаш адамдар көп эле кездешет. Алардын кесиптери, курактары, жашоосу, тиричилиги ар кандай. Бирок минтип экөө тең бир учурда камакта бирге жатып калганы, чынында эле таң калыштуу төп келүү.

2013-жылдын  20-февралы  болчу. Шаардык сотто соттолуучу Токтобай уулу Адилеттин кылмыш иши каралып жаткан. Соттук отурум башталып, төрагалык кылуучу судья мыйзам боюнча соттолуучунун  өздүгүн  тактап жатты. Аты-жөнү, туулган  жылы  анкета  боюнча  суралып,  жасаган  кылмышына келгенде эле, «мен андай кылмыш  жасаган  эмесмин»  десе болобу.  Баарыбыз  таң  калып калдык.

Көрсө, ал да Токтобай уулу Адилет  экен.  1990-жылы  Нарын шаарында туулуптур. Бишкек шаарынын четиндеги аскер бөлүгүндө айдоочу болуп кызмат өтөп жатып, автоунаасын таштап качып кетиптир. Издөөдө жүргөндүктөн кармалып, Бишкектеги СИЗОго камалган экен. Кайтаруучулар болсо, соттон барган  кагазды  бетке  кармашат,  «соттун  кагазы  кандай болсо, биз ошону алып келдик», – дешип.

Ал  эми  каралып  жаткан кылмыш  иштин  башкы  каарманы  Токтобай  уулу  Адилет болсо  1990-жылы  Ош  шаарында  төрөлүптүр.  Ал  уурулук  жасаганы  үчүн  камалган экен.

Ошентип  кийинки  соттук  отурумда  чыныгы  айыпкердин  иши  каралып,  райондук сот чыгарган чечим бузулду. Кылмыш иши ошол эле сотко,  башка  курамда  кароо  үчүн жөнөтүлдү.

Тагдырдын тамашасын кара, келип-келип, эң кызыгы экөө бир жерде камакта болуп калганы. Чындыгында эле экөөнүн окшоштук жактары көп экен. Ал турсун өң-келбети да түспөлдөшүп кетет. Эгерде жасаган кылмыштары да окшошуп калсачы, анда башка бирөө үчүн эле соттолуп кете бермек «двойниги» болуп.

Баса,  соттолуп  демекчи. Бул каарманыбыздын соттолушу да өзүнчө кызык кеп. Орустар  айткандай  «с  приключениями»…

Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *