Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Тайланд менен беттешет

Эртең футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Азия-2018 чемпионатынын алкагында Тайландтын курамасы менен беттешет. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.

Тайпалык этап боюнча Кыргызстан акыркы оюну эртең Тайландын курамасы өткөрөт. Беттеш саат 17:00дө болот.

Эске сала кетсек, КР спортчулары биринчи оюнда Ливан менен ойноп, тең чыгышкан. Иорданиянын курамасы менен болгон экинчи беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *