8-февралга карата аба ырайы

8-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй менен Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -12…-17;

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -12…-14°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4°.