Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Жер үстүндө түш оогон маалда, ан-сыз да күн тийбей дайым көлөкө түшүп турчу Жер-Куйдун ичи караңгылана баштайт.

Ошондон улам, кош бойлуу түгөйүн коркуп калбасын деп, демейде эртелеп жетип келчү жигит бир күнү жол издеп кеткен боюнча жок…

– Зумура-ат?! – деп кыйкырып, жараканын баш-аягына эки күндөн бери барып-келе берип, суй жыгылган Дүрайымдын бир убакта тамак жегиси келди. Бирок Зумурат отко кактап, бышырып кеткен этти карагысы да келген жок. “Атаганат, тузу болсо эмне?” – деп ар күнү тамшанып жечү тамагын танып, бу жолу таптакыр башка тамак көксөп туруп алды. “Эмне? Эмне жегим келип жатат?” Акыры тапты! Эмнегедир көзүнөн да, таңдайынан да өгүнкү ийрелеңдеген боз жылан кетпей туруп алды.

– Буларга эми тийбешибиз керек, – деген  Зумурат  тамшынып  жеп  отурган түгөйүнө.  –  Булар  бизге  караан  болот. Экинчиден көбөйсүн… Жылкынын сүрү түгөнгөндө азык болот.

Жоокерлерден калган жылкыларды ар кай жерден казып алып, баягы Күнайымга каскак болгон кандуу канжар менен баа-рын союп, жиликтеп жер алдына көмүшкөн. Жердин муздактыгы, чымын-чиркейдин жоктугу абийир болуп, даам-татымы анчейин көңүл иренжитпейт. Анын үстүнө, “Эркелериң болбосо, эмшеңдеп ыйлап не пайда?” – дегендей, андан башка азык жок.Бирок азыр башканы эңседи.

Жаткан жеринен туруп, кайсалап эки жагын каранды.

– Зумура-ат?! – деди. Эки күндөн берки жалгыздыгынан да, ушу тамакка болгон эңсөө азабы жанына батып кеткен болчу. Эмнегедир эле ошону оозун толтура чайнап, бурдап сугунуп алса эле мына бу аскалар ага жол бошотуп, асманы шаңкая ачылып, күндүн көзү жарк этип көрүнө калчудай, күн нурун жамынган Зумура-ты кучагын жайып, алдынан утурлап чыга келчүдөй сезилип туруп алды.

Жоктун иши жок! Балким, Зумурат бол-со да эптеп бир айласын таапк елет беле? Ушинтип сабыр кармап, өзүн-өзү тынчытып жатты. Акыркы күндөрү ушуга үйрөндү. Антпесе, ал ашыгыраак кейип, же ыйлай баштаса эле курсагында “алаамат” башталчу болду. Ичинен бирөө ичеги карынын, өпкө-боорун антарып-теңтерип, атайылап эле дүкүлдөтүп ургулап жаткандай, бир топко чейин өзөрүп жатып, араң эс алат.

Санааркап, ойлой бергендики го, сонку убактарда, ичи удургуган кездерде эсине Күнайым түшчө турган болду. “Суранам, сенден Күнайым? Мени кечир? Билем, жаңылдым. Кечирилгис күнөө кылдым. Экөөбүздүн жатындаштай жакындыгыбызга, достугубузга чыккынчылык кылдым. Мына бу колум… алигиче меники эмес, бирөөнүкү сыяктанат. Кечир, курбум? Мунун баарына мен эмес – сүйүү, кызганыч күнөөлүү”, – дейт ансайын. Маңдайында сурдана карап тургансыйт Күнайым. Качан гана анын элеси кайып болуп кеткенде гана ичинин дүкүлдөгү басылып, тынчып жатып калат.

Жада калса, кара терге түшүп кеткен түгөйүнүн маңдайын алаканы менен арчып жатып, бир жолу Зумурат да:

– Күнайымга куран окуп коелучу, — деген болчу.

– Сага да… көрүндүбү? – жүрөгү опко-олжуй түшкөн.

– Ооба, – деген жигит.

– Эмнеге? – дендароо тиктеген келин.

– Эмне дейт?

– Тек гана… Биз ал тууралуу унутуп койдук да, ошого болсо керек… Биз алар тууралуу унутпай, дуба кылып турушубуз керек.

– Эмнеге андай?! – деген бала кезден калган адаты менен. – А биз өлүп калсак, бизге ким дуба окуйт? Эмнеге Кудайдын калыстыгы жок?

– Билбейм. Бирок биз али тирүүбүз да.

Мына эми, дагы башталды.

Келин курсактагы баласын алдагысы келди. Кудум Зумуратка окшоп колун курсагына коюп, улам бир жерден дүкүлдөп чыга калып жаткан туюкбайды алаканы менен жоошута сылап: “Балам, баары жакшы, – деди. – Атаңды сагынбыңбы? Жол издеп кеткен… Мен да сагындым. Чыдайлы, балам. Ал сөзсүз келет. Жөн келбей, бизге жол таап келет да, жер үстүнө алып кетет. Ал жактан сени чоң энең, эли-жериң күтөт…”

Анын “жомогун” уккусу келбегендей бала удургуп, дүкүлдөй баштайт.

– Менин жомогум жакпай жатабы? Сенин чоң энең жомокчу экен да. Ошондуктан атаң жомокту жакшы айтат. Мен сага күү чертип берейинби?

Чындап эле эсине ооз комузу түшүп кеткен келин жоолугунун учуна түйүлгөн ооз комузун чечип ала коюп, кайрый баш-таганда, күүнүн кереметинен чындап эле курсактагы эми эле туйлай баштаган бала бүлкүлдөп барып, мемиреп тынчып калат. Атүгүл көзүн жумуп алып, салаалап ак-кан көз жашына ээ боло албай, Күнайым менен бирге күү черткен бактылуу күндөрдү, ата-энесин, үйүн, жер үстүн сагынган кыз так жанына жыбылжыр келип калган бала жыланды байкабайт.

Соймоңдогон бала жылан кыздын эте-гинин үстүнө келип жатат.

***

– Жеңе?! – Жан тарапты бир карап алып, Алымканды жомоктон бери алып чыккысы келгендей шыбырайт кыз.

“Дагы эмне болуп кетти?” – дегендей көзүн ачып, бирок кызыкеси тарапка карабай, кулак түрөт аял:

– Оу, кызыке, эмне дейсиң?

– Жеңе, Дүрайым канткен менен аялзаты эмеспи, ал баары бир анчалыкка барбайт! Ыраспы?..

Анын эмне тууралуу айтып жатканы баарына маалым эле.

– Ээ, балам, кош бойлуу аялдын тал-гагы кээде ушундай ачуу болот… – деп келатканда:

– Жок! – дейт Кызмончок. – Жок деген-де сиз… ошол жерин айтпай эле коюңузчу?

Кызмончоктун көз алдына Жандын бала кези элестеп кеткен болчу.

Жан да ушуну ойлоп тургандай кайпактап, куйругунун учу менен чыпылдатып

жер чапкылап жиберди. Алымкан башын ийкеди.

(Уландысы бар)

 

Жыландын сүйүүсү (3-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.