Кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн Тажикстан “Кулунду” жана «Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүүсүн бир тараптуу токтотту.

«Тажик тарап Сай айылындагы көпүрөнү жаап, ал жердеги чек арачыларынын санын көбөйттү. Ага чейин Сада айылында көпүрө курулган. Аталган айылдын тургундары Сада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтууда» деп билдирди Чек ара кызматы.

Учурда кырдаалды жөнгөрүү максатында эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө.

Буга чейин «Кулунду-Максат жолундагы көпүрөгө тажик аскерлери келип алды» деген чөнтөк телефонго тартылган видео интернетте тараган.

Булак: Азаттык