Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезд каттамы 22-марттан тартып каттайт

Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд быйыл 22-марттан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна кабарлады.

Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрөт. Бейшемби Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы аткарат.

2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы сүйлөшүлүп, бирок бир эле жолу жүрүп токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, аткарылган эмес. Поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизгени айтылды.

Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадка поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *