Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

– Алымкан жеңе, – деди баятан унчукпай отурган Асан кепке аралашып. – Жанагы күүнү сиз ойной аласызбы?

– Кайсы? – кайсы экенин билип туруп деп ушинтип сурап койду аял.

– “Бакыт күү” дедиңиз го?

Башын чайкады аял:

– Кайдан, балам. Менин комуз кармабай калганыма канча болду. Тээ беш көкүл кезде бир кызыгып, үйрөнсөм деп ара-кет кылгам. Колумдан келген жок. Андан кийин кармаган жокмун …

– Бирок сиз ал күүнү жан дүйнөңүздө угуп, сезе аласыз да? – деди Кызмончок да ушуну сурай албай эле араң тургандай.

– Туурабы, жеңе? Кулагыңызда угулуп турат эмеспи?

– Угулбай анан… анын керемет бир кай-рыктары ар дайым кулагымда.

Кызмончок жалооруду:

– Анда ошону мага бериңизчи?

Аялга бул сунуш жаккандай, кызыкесине жалт карады:

– Бербей анан… Ал – сеники…

Асан бул экөөнүн сөзүнө бир чети таң калып, бир чети күлкүсү келди: “Кээде чоң эле, акылдуу эле адамдар балага окшоп кетишет… Күүнү да берчү беле, үйрөтөт да.

Чарчагандыкы го…” – деди оюнда.

Ал антип ойлонгуча:

– Жеңеке! – деп элпектене түшкөн Кызмончок Алымканды мойнунан кучактап, эки бетинен өпкүлөп жиберди. – Сизди жакшы көрөм!

– Кагылайын десе!.. – Алымкан кызы-кесинин саамайынан жыттады.

– Эми ошол күүнү уккум келет? – деди Кызмончок эми жеңесинин көздөрүнө бүшүркөй тиктеп.

Жанарак эле Асан таштаган отундун жалбырттап күйгөн жарыгы экөөнүн жүзүн даана көрсөттү. Кызмончоктун көзүнөн жаш сызылып агып турган болчу. Алымкан адатынча кайпактап, көзүн ала качыпкетти эле кызыкеси анын колун силкилдетип:

– Жеңе?! – деди таарынгандай да, өктөм да.

– Азыр… –деди көздөрүн жумган Алым-кан. – Азыр, кызыке…

Анын эмнеге анткенин билди кызыкеси. “Катып жатат…” – деди оюнда. Айткандай эле, Алымкан бир чети адамдын ойлогонун көзүнөн окуп койчу касиетке ээ кызыкесине жан дүйнөсүндөгү чакчалекей, баш аламан ой-сезимдеринин баарын көрсөткүсү келбей жыйналып, бир чети күүнүн кайрыктарын бузбай, булгабай таза эстегиси келип, ой топтоп отурду.

Аялдын  эки  колун  кармап,  анын көздөрүнө ушунчалык сугалактана, ынтызарлык менен тигилип, эпейип күтүп отурган Кызмончоктун чыдамы кетип баратты.

– Жеңе? – деди акырын.

Тээ бир убакта Алымкан бул жерде эле эмес, бул ааламда жалгыз өзүнөн башка адам жоктой абалга келди. Баарын унутуп, баарын таштап салып, ой-чабытында Күнайым менен Дүрайымдын бала чагына кетип баратты.

Бутак-шагында чымчыктар безилдеп ырдаган чынар теректин түбүндө отурган үчөөнү – эки секелек кыз менен чоң энени көрдү…

Кудум азыркы Кызмончокко окшоп, кыздар байбичени кызыга тиктеп, ошол күүнү уккулары келип отурушкан болчу. А байбиче күүнүн таржымал-тарыхын айтып келип, колундагы ооз комузду оозуна аяр салып, күмүш шакектери жаркылдаган манжалары бир башкача койкоңдоп… кулактан кирип бойду алган сыйкырдуу кайрыктар сыбызгып… Ансайын, кыялдарында күүдөгү ханзаадасын тапкан бактылуу каарман кызга айланып, термелип отурушат…

Кызмончок да аларды көрдү…

Айтор, Алымкандын жан дүйнөсүндө болуп жаткан, ал сезип, элестетип, угуп, көрүп жаткандын баары анын көз карашы аркылуу Кызмончокко берилип жаткан болчу…

Күүнү туя баштагандан тартып эле, кудум ошондогу эки кызга окшоп, Кызмончок да нес болду. Селейип катты. Анткен менен жан дүйнөсүндө жагымдуулук жаралды. Кудум, ата-энесинин жанында отургандай бүткөн бою балкыды. Баягы бактылуу балалык сезимдер… Ара чолодо бул күүнүн эмне үчүн бакыт  күү  аталып  калганын  да  боолгоду. Тирүүлүк… Жашоо… Өмүр… Агарып аткан таң менен кызарып баткан күн… Жакын адамдарың… Сүйүү… Барга каниет кылуу… Кызмончок жашоону сүйүп кетти.

Алар антип отурганда, Асан Алымкан менен Кызмончоктун кармашып алып, тилден калган эмелердей тиктешип отурушканын такыр түшүнө албай: “Буларга эмне болду? Эмнеге минтип отурушат?” – деп, бирок канчалык акыл калчаганы менен жооп таба албай убара тарта берди. Берки экөөнө карады.

Апасынын колтугуна ыктаган Тынар бырылдап эчак уктап кеткен. Баарынан кызыгы – Жандын да эки аялды тиктеп, катып калганы болду. “Буга эмне?..” – деди оюнда Асан. Бирок канча жолу:

–  Силерге  эмне  болду?!  Жакшы элесиңерби? –деп сурагысы келип, обдулуп барып токтоду. Күү улам акырындап барып, кайрыгы бактылуулук коңгуроосундай, башкача бир шыңгырап барып токтогондон кийин да Кызмончок мемиреп, ушул абалдан чыккысы келбей отура берди. Анткен менен Алымкан шашкалактап кетти. Колун Кызмончоктун колунан тартып алып, жоолугун ондоп-түздөгөн болуп, адатынча кайпактап калды.

– Жеңе, рахмат сизге, – деди Кызмончок.

Анын добушу абалкыдан такыр башкача – жандуу, шайдоот чыкты. Асандагы: “Эмнеге рахмат айтып жатат? Эмнеге Кызмончок жайдары боло түштү?” – деген дагы бир суроо жоопсуз калды. Жан да күүнү тааныды…

Уландысын китептен окуй аласыздар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *