Эки кабат имаратты эптей алышпай…

Адатта “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына, кайсы бир көйгөйлүү маселе боюнча түртпөгөн эшиги, кирбеген тешиги калбаган карапайым адамдар, акыркы үмүтү менен келишет. Алардын арыз-армандарын угуп отурсаң жергиликтүү бийлик жеринде эле чечип кое турган катардагы чарбалык маселе экендигин көрөсүң.

Ижара акысын алышат, бирок оңдоп-түзөөгө каражат табылбайт

Кыштын кыраан чилдесинде алыскы Тогуз-Тородон ат арытып келген, кесиби фотограф Жайлообек Токтосуновдун арманын угуп отурсак, райондогу бир катар майыптар, ишкерлер ижарага алып иштетип жаткан “Тиричилик” комбинатынын имараты жергиликтүү бийлик тарабынан каралбагандыктан, чатырынан суу кирип, иштегенге таптакыр мүмкүнчүлүк болбой калыптыр. (Майыптар демекчи, 3 өтүкчү болсо, экөө дудук, бир фотограф (Ж.Токтосунов) болсо, ал дагы майып экен). Эми мындай адамдардын өз оокатын өзү кылып, атургай элге тейлөө көрсөтүп, нан таап жешине шарт түзүү – мамлекеттин социалдык саясатынын өзөгү эмеспи. Ушул жагынан алганда, майып Ж.Токтосунов маселени туура коюп жатат. Анан калса Ж.Токтосунов эринбеген эргул көрүнөт, “алты томдук” документ көтөрүп келиптир. Анын баарын айтып

отурсак, гезит бети түтпөйт. Ток этээри элге ар кандай тейлөө көрсөткөн (сүрөт тартуу, чачтарач, тигүү цехтери) бир катар майыптар, жеке ишкерлер ижарага алып иштетип келе жаткан райондогу “Тиричилик” комбинатынын имараты” Тогуз-Торо райондук “Тазалык” турак-жай, коммуналдык чарбасы ишканасынын балансында турат. Бирок, бул ишкананын жетекчилиги ижара акысын убагында алганды гана билет экен. Ал эми имаратты оңдоп-түзөп, суу кирип жаткан чатырын жаап коюу жагын эске алышпайт тура. Натыйжада, Казарман айылынын Жээналиев көчөсүндө жайгашкан “Тиричилик” комбинатынын  имараты  күн  өткөн  сай-ын тамтыгы чыгып, элге тейлөө көрсөтмөк турсун, кирип-чыкканга кооптуу болуп калыптыр. Бул имараттын бир жагын ээлеген мейманкананын деле абалы чатак окшойт. Ж.Токтосунов сүрөтчүлүгүн кылып, бир катар сүрөттөрдү тарта келген экен, анын мейманкана экенине да ишенбей кетесиң.

“Батасын аяган” аким Т.Идирисов

Бул имарат Тогуз-Тородогу Каргалык айылдык кеңешинин аймагында жайгашкандыктан, айласы кеткен ижарачылардын, ошондой эле алардын тейлөөсүнөн пайдаланган жергиликтүү элдин өтүнүчү боюнча, Каргалык айылдык кеңеши 2017-жылдын 30-ноябрында №62 токтомун чыгарат. Анын 1-бөлүгүндө “Казарман айылындагы дом быт – мейманкананын имараты (токтомдо ушундай жазылган) Каргалык айылдык өкмөтүнө муниципалдык менчикке алынсын” деп жазылган.

Бирок, райондун акими Т.Идирисов бул токтомго “батасын” бербей жатыптыр. Бермек турсун ушул имаратка байланыштуу “Кыргыз Туусуна” мурда да (Кыргыз-Туусу, 2016-жыл-дын, 12-январы. “Дудук майыптар иштеген “дом бытты” банкка бергени жатышат”) даттангандыгы үчүн Ж.Токтосуновду көрөйүн деген көзү жок имиш. Анткени, бул имарат бир кезде РСК Банкка берилмек болгондо Ж.Токтосунов “Кыргыз-Туусуна”, Өкмөткө, ЖК депутаты Д.Бекешовго даттанып, чуулдатып жибериптир. “Ошондон бери аким бизге жаман көзүн салып келүүдө” деп жазат Ж.Токтосунов. Бул жерде Тогуз-Торорайонунун акими Т.Идирисов менен жаран

Ж.Токтосуновдун жеке мамилеси кандай экенин билбейбиз. Бирок, Казармандын көркү

боло турган райондогу “Тиричилик” комбинатынын имаратынын азыркыдай абалда калышы чыны менен кабатыр кылчу көрүнүш. Көңүл бура турган нерсе Ж.Токтосуновдун сөзүнө караганда Каргалык айыл өкмөтү имарат өздөрүнүн балансына өтсө эле “укмуш кылып жиберебиз” деп жатыптыр.

Учурда  саясат  өзгөрдү.  Президент С.Жээнбеков  2018-жылды  “Аймактарды өнүктүрүү” деп жарыялашынын артында, эң биринчи элет элине шарт-түзүү, жашоо-тиричилигин, социалдык тейлөөсүн, инфраструктурасын жакшыртуу саясаты жатат. Ушул өңүттөн алганда Тогуз-Торо районунун борбору Казарман айылындагы “Тиричилик” комбинатынын  мааниси  зор.  Тогуз-Торо

районунун мамлекеттик адиминистрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көп жылдардан бери элге тейлөө көрсөтүп келе жаткан бул имаратты оңдоп-түзөттүрүп койсо элет жеринин ажары артып, бир нече жумуш орундары (анын ичинде майыптар) ачылган жатпайбы. Кошумчалай кетсек, республика боюнча калкка тейлөө көрсөтүүчү имараттарды куруу маселеси курч турат. Айрым жерлерде мындай социалдык обьектилерди кура албай жатса, Тогуз-Торо району-нун жергиликтүү бийлиги даяр турган эки кабат имаратты оңдоп-түзөп бере алышпай, шалаакылык кылып жатышы, кечиримсиз көрүнүш!

Саясый арнография Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовго

Жайлообек деген сүрөтчү,
Жашылданып кеп айтты.
Жаан өтүп чатырдан,
Жабылбай жатат деп айтты.
Көз жашын төгүп кеп айтты,
Көп эле барсам даттанып,
Көрмөксөн болот деп айтты.

Айтканына ынансак,
Ал иштеген имарат,
Кулаганы калыптыр.
Алдында калса кокустан,
Азирейил кезексиз,
Сураганы калыптыр.
Кулайын деп турса да,
Кулкуну куурап “Комхозуң”,
Ичин койбой бир карап,
Ижара акы алыптыр.

Тогуз-Торо акими,
Идирисов Тилек дейт!
(Иштин жайын билет дейт!)
Бирок, эки кабат имарат.
Элүү кабат көрүнүп,
Эптей албай жүрөт дейт!

Эл укпасын ушуну,
Эстесе күлөөр каткырып.
Алачыктай неме экен,
Айланайын Тилегим,
Аласың качан жаптырып?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *