Кыргызстан бир жылда 400 тоннага жакын эт өндүрдү

Кыргызстан 2017-жылы 395 тонна эт өндүрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Бул сан 2016-жылга караганда жети тоннага көп.

Маалым болгондой Кыргызстан өндүргөн эттин миң тоннага жакыны гана чет жакка экспорттолорун билдирген. Ошол эле кезде Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турары кабарланган.

19-январда парламенттеги жыйында айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизгенин жарыялаган. Мунун себебин ал Кытайдан келе турган эт азыктары Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келбей турганы менен түшүндүргөн. Ал ошондой эле бул чектөө кыргызстандыктарга зыянын тийгизбейт деп айткан.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп 2015-жылы 12-августта кирген.

Булак: Азаттык