Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу жана тынч экенин Чек ара кызматынан билдиришти.

«Чек арадагы бардык беш көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен бирге Лейлек районунун тургунударына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 8-февралда, Тажикстан «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салган болчу. Ошол эле күнү кечинде чек арадагы абал жөнгө салынып, чектөөлөр алынган.

Булак: Спутник