Дайыр Кенекеев «жол мафиясына» салам айтты

“Жол мафиясы” деген термин бар экен, ошол мафиянын өкүлдөрүнө менден салам айтып койгула», — деп билдирди  вице-премьер Дайыр Кенекеев 9-февральда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынында.

— Биз ал мафияны тез эле таап, жазасын беребиз. Акыркы эле бир фактыны айтайын. Салмак габариттик көзөмөл пунктундагы кызматкерлер ашыкча салмак менен жолдо жүрүүгө уруксат берген. Алар биринчи пункттан өткөрүп, кийинки пункттагыларга телефон чалып, “автоунаа ээсинен биз акча алганбыз, өткөрүп койгула” деп суранышкан. Соңунда салмак габариттик көзөмөл пунктундагы бул фактыга тиешеси барлардын баары кармалды. Алардын арасында депутаттардын тааныштары да бар экени аныкталды, — деп кошумчалады Кенекеев.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *