12-февралга карата аба ырайы

12-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы 8…10 градус жылуу.