Суусу көп, чоргосу жок. Донору бар, долбоорчусу жок

Кыргызстан суунун кору боюнча КМШда Россия жана Тажикстандан кийинки үчүнчү орунда турат. Ошого карабай, элибиз ачык арыктардан эшекке фляги жүктөп, чакалап суу ташып жүрүүсү кечиримсиз. Өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” стратегиясына 271 айыл, 16 шаар киргизилип жатат. Бардыгы болуп жалпы суммасы 11,5 млрд. сомго таза суу менен камсыздоо иштери башталууда. Бул биздин республика үчүн абдан чоң каражат. Анын ичинен 63 пайызы грант. Өкмөт “Таза суу” программасына бөлүнгөн каражаттарды мурдагысындай алкымы бузуктарга жедиртип албай, элибизге адал иш жасайлы деген максатта жаңы программаны “Ала-Тоо булагы” деп атады.

Таза суунун тарифин көтөрүү керек

“Таза суу” долбоорунун биринчи этабына 69,5 млн. доллар сарпталган. Эбегейсиз чарбасыздык, коррупция жана кайдыгерлик элдин кендирин кескен. Мисалы, алыскы элет айылдарына курула турган суу инфратүзүмүнүн долбоорун, ал жакка бир да жолу буту баспаган, каттабаган долбоорчулар Бишкектеги жылуу кабинетинде отуруп алып чийген фактылар толтура. Суу түтүктөрү жер астына 1 метр 20 см. тереңдикте орнотулушу керек болсо, эптеп-септеп 30-40 см. казып, үстүн көөп салып кете бергендери да аз эмес.

“Кимди ким көрдү Быржыбайды там басты” болуп тапшырылган иш үчүн ишенчээк жергиликтүү калк жалпы каражаттын 5 -15 пайыз үлүшүн чогултуп беришкен. Акча тартыш болгон айрым жерлерде эл өзү иштеген. Мигранттар акча которушкан. Бишкектеги интеллигенция өкүлдөрүнөн бери кичи меке-нине өз салымын кошушкан учурлар болгон. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев республиканын аймагына таза суу менен камсыздоого жана саркынды суулар үчүн канализациялык курумдарды орнотууга жалпысынан 20 млрд. сомдон ашык каражат талап кылынып жатканын айтат. “Биз бул иштерди кыска мөөнөттө аткарууга аракет кылышыбыз керек. Көрүнүп тургандай бул абдан чоң каражат. “Таза суу” долбоорунун ишке ашырылуусун айыл өкмөттөрү, айыл-дык кеңештер, жарандык коом, эң негизгиси эл өзү көзөмөлгө албаса болбойт. Совет жыл-дары сапаты жакшы темир түтүктөр орнотулчу. Учурда өткөн кылымдын 50-60-жылдары орнотулуп, эскилиги жеткен суу түтүктөр колдонулуп жаткан жерлер аз эмес. Жаңы түтүк салдык деп, көз боёмолоп, а чынында башка жактан эскисин алып келип орнотуп кеткендери бар.

Балыкчы  шаарында  радиациясы  бар түтүктөрдү орнотуп салышкан. Мектептерге, бала бакчаларга ичүүчү сууну тартып бергиле деп сурагандар көп. Бул улуттун генофондуна тиешелүү иш. Бирок, жетекчилер элге таза сууга карата тарифтин баасын 5 сомдон 15 сомго чейин көтөрүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керек. 2013-жылы ичүүчү суунун тарифин өзгөртүүнүн методологиясы иштелип чыккан. Бирок, ал боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй келүүдө. Бүгүнкү күндө 1 литр суу дүкөндөрдө 20 сомдон сатылып жатат. Ал эми 1 кубометр суунун баасы болгону 7 сомдон элге берилүүдө. Ошондуктан суу маселесинде эки чоң негиздүү көйгөй бар. Биринчиси, суунун тарифи көтөрүлбөй жаткандыгы, экинчиси, курулган суу инфратүзүмүн эксплуатациялоодо жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигинин жоктугу. Азыркы башталып жаткан “Ала-Тоо булагы” программасынын аткарылышын Коррупцияга каршы кыз-мат баш болгон органдар көзөмөлгө алат”, – дейт А.Шадиев.

Алыскы айылдарда гана эмес, шаарларда да таза суу жетише бербейт. Ошого карабай ысырапкорчулук фактылары толтура.Бишкекте автомобилдерди жуучу жайларда ичүүчү суу менен жуушат, андан кийин агызып салышат. Чет өлкөлөрдө сууну 3-4 жолу кайтадан тазалап пайдаланган тажрыйба бар. Мына ошол тажрыйбаларды бизде дагы пайдаланууга эмне үчүн болбосун? Иче турган суу менен короо сугарып, сууну коромжу кылгандарга мамлекеттик органдар кыдырып, айып салуусу керек экендигин парламент депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештеги «Таза суу» маселеси боюнча өткөн өкмөттүк саатта вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге сунуштады. Д.Кенекеев суу пайдалануу тартибин бузган бир катар автомобиль жуучу жайларга эскертүү берилгенин, айрымдары жабылып, айыптар салынганын билдирди.

Мурдагы кейпибизди кийбейли, коррупцияга күйбөйлү

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев: “Таза суу” программасынын баштапкы этаптарында коррупциянын чеңгелинде калып, абдан күйдүк. Бул жолу күйбөшүбүз керек. АӨБ өкүлдөрү: “Биздин берген каражатты сапатсыз, максатсыз пайдаландыңар”,  деп  нааразы  болушкан.

Донорлорго биз кайрадан кайрылып: “Эми андай кемчиликтерди кетирбейбиз”, – деп, жалдырап, көндүрүп жатабыз. Мына ошол 2011-жылы токтотуп салган 20 млн. доллар-ды эми АӨБ кайрадан берүүдө. Донорлордун кайра ишенимин табуу үчүн абдан көп күч жумшалды. Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы ж.б. өнөктөштөргө кыргызстандыктардын атынан рахматыбызды айтып кетким келет”, – деген эл өкүлү чиновниктердин дагы бир чоң кемчилигин айтты. Долбоорлордун доку-ментациясын иштеп бүтүрүүгө келгенде алты айдан эки жылга чейин созуп жүрө беришкен учурлар көп экен. Ал эми кошуна Тажикстан-да ушул сыяктуу документтерди болгону төрт айда иштеп бүтүрүп, курулушту башташат.

Бишкекте отуруп, айылга долбоор чийгендер бар

Ичүүчү  суу  менен  камсыздоо  жана агындылоо системасын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев мындай дейт: “Мамлекет инвестиция тартып келип, чыгарып берген таза суу инфраструктурасын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Айталы, 2005-2009-жылдары орнотулган жабдуулар биротоло иштен чыккан айылдар арбын. Бир жагынан айыл өкмөттөрүнүн кайдыгерлигинен, экинчи жагы коррупция-нын кесепетинен миллиондогон каражаттар талаага чачылды. Дагы бир көйгөй. Жалпы республиканын бардык аймактары үчүн “Таза суу” программасы боюнча долбоор жазган болгону үч-төрт гана компания бар. Алардын кеңсеси Бишкекте. Ичүүчү суу жеткирүү бо-юнча пландалып жаткан 271 айыл жана 16 шаарга 3 компания кантип долбоор даярдап үлгүрөт? Мурдагы кейпибизди кайра кийбей-ли десек, ошол аймактардын шартын жакшы билген жергиликтүү компанияларга долбоор даярдоого мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

Мисалы, Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүндө бүткөрүлгөн суу жабдуулары учурда иштебей турат. АРИС ошол долбоор чийгендерди сотко бериши керек болчу. Тендерди бир да техникасы жок компаниялар утуп келишти. Алар колтугуна бир папкени кыстарып, бир калемсап салып алып келип, кайра өздөрү подрядчик издей башташат. Элдин каргы-шынан корксок мындай кесепеттүүлөргө экинчи жол бербешибиз керек”.

2016-жылдын март айында ичүүчү суу менен республика калкын камсыздоо боюнча 2026-жылга чейинки мамлекеттик стратегиясы кабыл алынган. Ал эми учурда “Таза суу” долбооруна камтылып, 2023-жылга чейин бүткөрүлө турган иштер коррупциянын чеңгээлине туш болбошу үчүн көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлуп жатат.

Ичеги карын дартынан балдар каза болууда

Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин билдиргенине караганда таза суунун жоктугунан дүйнөдө бир жылда 2 млн. ашык адам ичеги карындын жугуштуу дарттарынан каза болушат. Республика аймагында агын сууларды, ал түгүл акпай токтоп калган чөөт сууларды тамак-ашка колдонгон жерлер бар. Жыл сайын Кыргызстанда 40 миңден ашык адам ичеги карындын жугуштуу оорулары менен оорушат. Анын 80 пайызы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Орточо алганда жылына 150-300 бала мына ушундан каза болууда. Каза болгондордун 80 пайызы республиканын түштүк аймактарына – Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туура келип жатканын статистика көрсөтүүдө. Кыргызстанда 2236 мектептин 35 пайызында таза суу жок. Даараткана мектептин короосуна салынып, кол жууй турган чорголор орнотулбаган. Бул сыяктуу көйгөйлүү мектептер Бишкек шаарында да бар.

Кыргызстан Борбор Азиядагы суу коруна абдан бай өлкө экенине карабай бүгүнкү күндө 1 млн.дон ашык адам таза сууга жетпей келет. Өлкө аймагында 1891 калктуу пункт бар. Анын ичине 1805 айыл кирет. Айылдардын 735и борбордук суу түтүктөр системасына кошулган эмес. Ал эми 400 айыл-да суу түтүктөрү таптакыр орнотулбаган. Ушундай көйгөйлөрдүн кесепетинен мындагы  калк  ачык  аккан  арык  сууларынан ичүүгө мажбур болушууда. Мындан тышкары, 267 айылдын суу түтүктөрү 1960-жылдары курулган. Булар тууралуу КР Акыйкатчы институту тыкыр иликтенген докладын жа-рыялады. Анда жарандардын ичүүчү сууга карата укугун коргоо максатында мамлекеттик органдарга багытталган сунуштар камтылган.

Өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү чечиле элек. 2018-жылы 150 айылдын суу маселеси чечилери күтүлүүдө. Ага негизинен курулушу мурда башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдар киргизилүүдө. Тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, мамлекеттик бюджеттен да каражат каралууда. Өткөн жылы бул багытта 250 млн. сом көлөмүндө каражат бөлүндү. Быйыл болсо бюжеттен дагы 250 млн. сом каралууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *