Акын, Мирлан САМЫЙКОЖО: «Бала эмес эле бака болчусуң дешет. Эки эле көзү бар бир жандык окшойм да»

Мага чейин апам бешти төрөгөн экен. Үчөөнү чоңойтуп, экөөнү колдорунан учурушуптур. Мен дагы жети айлык төрөлүптүрмүн. Туугандарым мени: “Бала эмес эле бака болчусуң”, – дешет. Эки эле көзү бар бир жандык окшойм да. Бечелден мээнет кетпейт болуп ооруканадан чыкпай эки күндүн биринде догдурду көксөп турчу экенмин.

Айнектеги жашоо

Адатымча дагы ооруп, районго догдурга алып барышат. Ооруканага барганча апам уйку бетин көрбөгөнгө, ыйлаганга эки көзү аябай шишип калган экен. Эки баласынан ажыраганы көкөйүнө көк таштай тийип, эми дагы эмне болот деген энелик жүрөгү зыркыраса керек да. Апамдын түрүн көргөн Жаңыл деген догдур эже: “Балдарын карагандын ордуна, кебетелери кеткенче, көздөрү шишигенче ичип жүрүшөт дагы болбой калганда бизди эстешет”, – деп апама бир тийиптир. Мени апамдын колунан жулуп алып, башыма быжыратып ийнелерди сайып, айнек идишке жаткырып коюптур. Бечара апам ошол кезде болгону 32 жаштагы келин экен. Азыркы күнгө чейин апамдын оозуна жинди сууну тамызганын көрө элекмин. Баласынын ара жолдо турганы бир тең, догдур айымдын айтканы бир тең болуп, дүйнөсү аңтарылып турган апамдын ошондогу акыбалын элестетсем жүрөгүм канайт. Жаны алсыз немеге, кан куюш керек деп, көрүнгөндүн канын куюшат. Оюм бир жерге токтобой, оолугуп кетмелигим ошондон окшойт. Айнектин ичинде бир эмес бир топ күн жашаптырмын.

Мени бала болбойт деп ойлошуптур

Бир күнү ооруканага атам келди дейт. Баласынын акыбалын, жубайынын түрүн көрүп үрөйү учуптур. Айнектеги баладан үмүтүн үзүп койгон окшойт. «Роза, эми тагдырдын салганына көнбөскө арга жок. Бул бала деле колубуздан учуп кетет окшойт.  Сен  ооруканадан  чыксаң  жаңы үйгө барасың. Экөөбүз үйлүү болдук» – деп көңүл айткан тура жарыктык киши. Көрсө ата-энем  азыркыча  айтканда  квартирант болуп  ар  кимдин  үйүндө  жашашчу  экен. Ошол учурда биздин айылга бышкан кирпичтен үйлөр жаңы салынып, азыркы биздин көчөдөгү окшош кызыл тамдар курулуп бүткөн учур экен. Жанагы жаңы тамдардын бирин алып, ачкычын көтөрүп келгендегиси экен.

Жаман арымда киренечил экенмин

Мени көрүү үчүн ооруканага таенем келиптир. Ал убакта бир аз киши сыяктанып  калган  окшойм  да.  “Баланын көзү тирүү, муну кыйнабай үйгө алып кетели” – десе, доктурлар көнбөйт имиш. “Булардын жайына койсо дары менен ууландыра берет, андан көрө баланы ал да качып чык”, – деп мени ооруканадан уурдап чыгарып кетишет. Кыргыздын кадимки ырым-жырымдарын жазап, эмдеп-домдоп бага башташат. Жаман арымда киренечил экенмин. “Көрүнгөндүн киренеси кирип, көзүгүп эле көзүң аңтарылып, кусуп-чычып калчусун”, – дешет. Ошентип, өлбөй-житпей, жанагы жаңы тамга ата-энем менен кошо мен да кириптирмин.

Жашабай жатып иче баштадым

Үйдөн негедир киши өксү болчу эмес. Чоң үйдүн узун столу жыйналганын көргөн жокмун. Койлор союлуп, коноктор көп келер эле. Мен жанагындай өлөсөлү болгонум менен өлө тентек болупмун. Тилим келип келбесе деле ызгытып сөгүп, көйнөкчөндүн көйнөгүн көтөрүп, шымчандын шымын шыпырып ийип эле басып жүрчүмүн. Аным аз келгенсип жашабай жатып арак иче баштадым. Жанагы келген коноктор кетээри менен узун столду айланып, элдин балдары момпосуй терип жесе мен, стакандын түбүндөгү арактарды шыпкап жутуп койчумун. Анымды билген айылдаш байкелерим, ашканада эт бышырып атып эле, мени чакырып тойгузуп коюшчу экен. Кийинки мезгилдерде конок кетелекте эле мас болуп алып чаң салганга өтүпмүн.

Американын милийсаларындай болгон тарбиячылар…

Ошол убакта эле айылда бала бакча бар экен. Үйдөгүлөр менден тажашчубу айтор, бакчага берип коюшту. Түшкө чейин баладай болуп жакшынакай эле ойноп жүрчүмүн. Түш болгондо баарыбызды кубалап кирип уктатчу. Уктаганды ушунчалык жек көрчүмүн. Өзүм уктабаганым аз келгенсип башка балдарды да уктатпай, жаздык менен чапкылап, одеялдарын ыргытып, жууркандарын чачып кутуруп кирем. Тарбиячылар туш тараптан элирген улакты тосконсуп кубалап жүрүп кармап алышат да кайра уктатууга мажбурлашат. Бакчада мени менен чогуу, атамдын карындашынын кызы Астра да бар болчу. Бир маалда аны жетелеп алып, эптеп эшикке качып чыгам. Артыман тарбиячылар чуркашат. Айылдагы жолдо таштан көп неме жок. Жанагы кубалап келаткандарды таш менен бадыратып, Астраны алып алып, тим эле орустардан качкан немистин солдаты өңдөнүп безген бойдон үйгө түштө эле жетип келем. Артыман американын милийсаларындай болуп, аңылдап-даңылдап тарбиячылар келет. Бакчасы дагы кашайтып, биздин көчөдө эле болчу. Ошентип жүрүп кийин бакчага да барбай калдым.

Сало-о-ом алейкум

Өйдөңкү көчөдө жашаган Эпкинбек анан Мустапа деген аксакалдар бар эле. Мустапасы жалпак таштай болгон, кабагы ачылбаган каардуу неме болчу. Башынан тебетей түшчү эмес. Эпкинбек ата эбегейсиз чоң киши эле. Эки көзү чанагынан чыгып кетейин деп турчу. Бир көзүнүн ичиндеги калы менин муштумумдай. Дөөнүн баласы болушу керек деп ойлочумун. Эки аксакал келатканда алдынан чыга калып салоооом-алейкум деп саламдашчумун. Алар, салам бербесең: “Мобу чөнтөгүбүзгө салып кетебиз”, – деп коркутчу. Чөнтөктөрү оронун оозундай аңыраят. Ал экөөнү бир күндө он көрсөм, он жолу жазбай саламдаша берип, азыр таанысам тааныбасам деле ар ким менен саламдаша берген адат калыптыр.

Тилим аз келгенсип, тишим кычыша берчү

Бир күнү үйдөн маки таап алдым. Эптеп макинин мизин чыгарып ачып көрдүм. Анан ачып-жаап ойноп баштадым. Бир күнү баягы макини ачып, тилимди чыгарып макинин мизи кирчү жылгасына койдум да жаап салдым. Көзүмөн жаш ыргып кетти. Тилим кесилбей эле узарып кеткендей, саландай түштү. Макинин оордугун ошондо билдим. Ачайын десем колумдун каруусу келбейт. Тилим канай баштады. Апам кантордо иштечү. Тилимдеги макини эки алаканыма салып алып безилдеген бойдон апама жөнөдүм. Кантор үйдүн жанында эле болчу. Сырткы каалгасы мага кокондун дарбазасындай туюлду. Колумду макиден алсам эле тилим түшүп калчудай. Тырбаландап эшигин ача албай жатсам, кудай жалгап Эмил деген токойчу байке келип калды. Тилиме матып турган макини чыгарып, чөнтөгүнө салып: “Тилиң кесилип калса эмне болот, тур апаңа кир”, – деди. Мен капкандан бошонгон коендой кайра артты көздөй сыздым. Эч кимге айткан жокмун. Тилим ооруп, көп сүйлөбөй, сөгүнбөй буулугуп жүрдүм. Тилдин азабын көп тарттым…

Тилим  аз  келгенсип,  тишим  кычыша берчү. Эч кимисине көрүнбөй топурак чайнайм. Чийки картошкаларды матыра-матыра тиштейм. Тамдын бурчтарын чычкан жегендей кемирем. Азыр, ошол тиштеримдин жарымы жок, жарымы жамаачы.

Өзүмдү желмогуздай сезип

Убакыт дегениң, ушул дагы ойноп алсын деп токтоп турбайт экен. Күндөрдүн бир күнүндө жашым жетиге толду. Апам колума бир гүлдү карматып, жетелеп алып мектепке барды. Мектептин асты топ таранчыдай чурулдаган жык-жыйма ак көйнөкчөн окуучулар. Аңырайып ары-бери жакты караганча мугалимдердин алдына барып калыптырбыз. Гүлгаакы деген эжей экен. Мени көрүп эле так секирип: “Жок эже, мен бул балаңызды окута албайм!”, – деп жүзүн буруп, колун шилтеп кетип калды. Дагы бир мугалим Замира деген эже экен. Ал дагы тигинин чочуганын көрүп мени алуудан баш тартты. Дагы бири караманча эле көнбөй койду. Ичимден аларга ызырынып жиним келип, кийип турган юбкаларын көтөрүп, колдоруна кучактаган дептерден чоң немелерин (журналдар экен) тытып ыргыткым келди. Жалаң адам балдарынын арасына бир жалгыз желмогуз келип калгандай элестеттим. Өзүмдү өзүм күзгүдөн карагым келди. Чын эле мен ушунча коркунучтуумунбу деп бушайман болгом.

Класском кылып койду

Үчүнчү мугалим мени окутканга макул болду. Көрсө ал атамдын классташы Сакай деген эже экен. Класска кирдик. Парталар, доска, дубалдагы кооз жазуулар көзүмө мультфильмдей көрүндү. Кирип келгендеги эле биринчи партага олтура калдым. Көрсө ал жер, үчүнчүнүн биринчиси экен. Апам менен эжейим жаныма келип сүйлөшүп калышты. “Сакай, эми бул баланы эптеп окут.

Тентектигин элге салып, бизди уят кылба” – деди. Тиги эжейим өтө кейиген кейипте кабагын кабат түйүп, мени улам-улам карап, ашынган кылмышкерди алып калып жаткансып, апамдын сөзүнө айласы жок макул болгонсуп башын ийкеди. Ошентип окуп баштадым.  Мугалимим  күн  алыс  ордумду алмаштырат. Экинчинин биринчисине, үчүнчүнүн төртүнчүсүнө, бир күнү биринчинин биринчисине олтургузуп класском кылып койду…