Акын жана котормочу Нурланбек КАЙРЫЕВ: «Чыныгы поэзияны жасап жазгандар эмес, жашап жазгандар жаратышат»

Маектеш тууралуу маалымат:

Кайрыев Нурланбек Жутаң уулу. 1972-жылы Алай районунун Гүлчө айлында туулган. 1989-жылы Гүлчөдөгү Муса Адышев атындагы орто мектепти, 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика-техникалык факультетин бүтүргөн. 2000-жылдан баштап Кыргыз–Россия Славян  университетинин «Физика  жана  микроэлектроника» кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин  кандидаты. Учурда доктордук диссертациясынын үстүндө иштөөдө, жеке өзү жана авторлош катары 50гө жакын илимий жана окуу-усулдук эмгектердин (анын ичинде 1 монография) автору.

– Акыркы мезгилде социалдык тармактарда байма-бай жарыяланган котормолоруңду окуп, кесибиң да, адабиятка кайыры жок мезгил да сенин поэзияга болгон сүйүүңдү өчүрө албаган экен деп ойлоп койдум. Демек, поэзияны эч качан өчпөгөн махабатка салыштырсак болобу? Котормого кантип кайрылып калдың?

– Ооба. Поэзияны сүйүү деле өзүнчө чоң махабат. Поэзия бул сыйкырдуу ажайып бир дүйнө. Ырлардагы терең ойлорго чөмүлгөн адам буту жерде болсо да, кыял чабыты тээ көктө сызаары белгилүү иш эмеспи. Бирок поэзияны сүйүү, андан ырахат алуу баарына эле бериле бербеген шыбага окшойт. Ошентип жан дүйнөң ырга суусап турганда өзүңдүн эне тилиңдеги эле эмес, башка элдердин поэ-зиясына да кантип сүңгүп кирип кеткениңди билбей калат экенсиң. Анын үстүнө азыр интернеттен каалаган ырларыңды таап окуй аласың. Башка тилдеги ырларды окуганың менен баары бир жан дүйнөң өз эне тилиңде кабылдап, өз эне тилиңде кайрып, ойлонот экенсиң. Анан ушул ырды кыргызчага которуп көрсөм кандай болмок деп атып эле которууга киришип кетем. Котормо деле поэзия. Болгондо дагы башка дилдерде, башка тилдерде жазылган ырлар менен кыргыз окурмандарын тааныштыруу, алардын поэзиясынын түсү, ыргагы, ыкмалары менен өз эне тилиңдеги поэзияны байытуу болуп эсептелбейби. Би-рок котормонун айрыкча чоң жоопкерчилиги бар деп ойлойм. Себеби, башка бир автордун жакшы ырын начар деңгээлде которуу, бузуу бул бери жагын эле айтканда, адамгерчилик болбой калат.

– Жакында эле түрк элинин улуу акыны Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ырын которгон экенсиң. Чынын айтуу керек, керемет котормо болуптур. Буга чейин “Мажүрүм талды” адабиятчы Салижан Жигитов которуп, эң шедевр котормолордун катарына кирчү. Сенин котормоң андан ашса ашат, бирок кем калышпайт. Муну адабият алптары менен күч сынашуу катары бааласак болобу?

– Салижан Жигитовдун бул керемет котормосун окубаган кыргыз окурманы чанда болсо керек. Ырдын мазмунун түп нускадан ашырып чечмелеп, кештелеп, чебердеп которуп берген. Эркин котормо деп түшүндүм. Мен бул котормону, түрк тилиндеги түп нускасын жана орусча котормосун бири-бири менен салыштырып окудум. Орусча котормосу формасы, дал келүүчүлүгү боюнча түп нускасына көбүрөк жакынырак экен. Анан бир жагы калемимди сынаганча, бир жагы түп нускасына жакыныраак кылып да которуп көрөйүнчү дедим. Менин котормом кандай болду эми аны окурман өз алдынча баалап алар. Сиздин жакшы ой-пикириңиз үчүн чоң рахмат! Ушундай керемет ырлардын бир эмес, бир нече котормолору болсо деле көптүк кылбаса керек.

– Жаңылбасам, Сергей Есенин, Расул  Гамзатов  баштаган  дүйнөлүк поэзия өкүлдөрүнүн ырларын кыргызчалап келе жатасың, котормо куржунуңдагы ырлар көбөйүп калдыбы?

– Ооба, ак куржунум толбосо да, котормолорум эки чөнтөк толгудай болуп калды. Китеп кылып чыгарып койсомбу деген оюм бар. Мен көбүнчө орус совет поэзиясынан котордум, казактын, дүйнөлүк поэзиядан да бирин-экин котормолорум бар. Котормо өнөрү эми мени дайыма коштоп жүрөт окшоп калды. Бул да буйруктан, жөндөмдөн болсо керек.

– Котормого кызыгып калганыңдын  себеби  эмнеде, азыр эч ким бекер эч нерсе жасабай калбадыбы?..

–  Эгер  мага  бирөө келип, сага мынча акча берем, мына бул ырларды котор деп заказ берсе,  билбейм  канчалык деңгээлде которо алар элем. Сени эч ким мажбурлабай, шаштырбай, өзүңө жаккан ырды ээн-эркин  которгонго  не жетсин. Бир котормонун үстүндө деле айлап иштеген учурлар болот. Мен үчүн котормо бул көңүлдүн,  поэзияга болгон сүйүүмдүн иши болуп калды окшойт. Жакшы которуп алсам, андан чоң канааттануу алам. Дүйнөлүк поэзиядагы  жакшы  ырлар  сөзсүз кыргыз тилине ко-торулууга  тийиш. Мен  которбосом башка бирөөсү которот. Бирок кээде башка тилдеги төрт сап ырды бирөө кыргызчага тогуз-он сап ыр кылып которуп койсо, кыргыз тилим үчүн намыстанып кетем. Эмне ошол төрт сап ырды кыргызча деле төрт сапка батырууга болбойбу деп. Кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгү өтө кеңири, биздин гана чеберчилигибиз жетпей калышы мүмкүн.

– Котормо өз жөнү менен, мен сени баарыдан мурда акын катары билем, жашың деле элүүгө таяп калды. Качан ыр жыйнактарыңды окуп калабыз?

– Рахмат! Мен ыр жазып кыйрата элекмин. Аракет кылып жүрөм, мунусу чын. Котормо да бул жаатында жакшы жардам берет экен. Рамис Рыскулов “Котормо жакшы, котормо, май тамызат моторго” деп бекер жерден айтпаса керек. Менин оюмча, поэзияга жаш курактын деле тиешеси жок, жүрөктүн үнү жана жаштыгы, жан дүйнөнүн сезимталдыгы, тазалыгы керек. Жылдар ыр жаздырбайт, аруу сезимдер, эргүүлөр ыр жаздырат. Бирөөгө толкуп ташкан эргүү эрте келет, бирок кеч келет экен. Ар бир адам-дын, ал түгүл ар бир элдин да өзгөчөлүгү болот. Чөйрөнүн, табигаттын, тагдырдын да таасирлери болот дегендей. Кудай буюрса, ушул жылы бир ырлар, бир котормолор жыйнагымды чыгарсам-бы деген оюм бар. Бул эми каражат жагын такыр ойлонбой туруп айтып жаткандагы кербезим. Калганын мезгил көрсөтөр.

– Кесибиң физик болсо да, поэзиянын чыныгы жоокери болгонуңдун себеби эмнеде?

–  Негедир  табиятымдан  жөндөм  бар  окшойт. Эсимде,  мектепке  окуй элек  кезимде  эле  радио-дон берилчү ырларды угуп өзгөчө  таасирленчү  элем. Мектепте окуп жүргөн жылдары  Алыкул  Осмоновдун ырлары  катуу  таасир  этти.  Гүлчө  айлындагы  Муса Адышев мектебинде окуп жүргөнүмдө физика жана математика сабактарына катуу кызыктым. Бул предметтер боюнча республикалык олимпиадаларга да катышып жүрдүм. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетине келип кирип, анан студенттик күндөрүмдө негедир адабиятка көбүрөөк тартыла баштадым. Акындардын чыгармачылык кечелерине барчумун. Китепканада физика жана математика китептерине кошуп эле, кыргыз акындарынын ыр китептерин заказ кы-лып, чогуу окуган учурларым көп болгон. Экзамен учурунда кычап ыр окугум келип калчу.

– Поэзиянын душманы эмне деп ойлойсуң? Кыргыз акындарынын шору эмнеде? Баары эле уйкаштык кууп, ой издеп жаткандай көрүнөт, бирок ырлардын көбү саман-топон болуп, сырты жылтыраганы менен жүк көтөрбөй жатканынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Поэзиянын душманы – бул, биздин поэзияны  түшүнүп-түшүнбөй  эле  ырларды уйкаштырып жаза берип, татыктуу ырларды саман-топонго көмүп жатканыбызда. Көп изденбегенибизде, аз иштегендигибизде. Салижан Жигитов агай айтмакчы, китеп чыгарып койсок эле өлбөс болуп калчудай жүргөнүбүздө. Жакшыны жакшы деп сүрөбөгөнүбүздө. Акындык шык-дарамет баарына эле бериле бербейт экен. Эгерде Кудайдан берилген тубаса талантка тагдыр, турмуштагы оор сыноолор, же сүйүүнүн ырахаттуу азаптары катуу таасир этип, жан дүйнөсү алоолонуп өрттөнүп жаткан учурунда талбай эмгектене билсе, эмгектенгенине жагдай-шарты  да  болсо,  кайталангыс  кайрыктар жаралса  керек  эле  деп  ойлойм.  Чыныгы поэзияны жасап жазгандар эмес, жашап жазгандар жаратышат. Жашоосу, турган турпаты, кылык жоругу, ой-жүгүрткөнү чыныгы акын деп атаганга татыктуу адамдар гана өлбөс ыр-ларды жарата алышат деп ойлойм.

– Мамлекет адабиятка камкордук көрүшү керекпи же улуттук адабият өгөй бала бойдон кала бергени туурабы?

– Чыныгы акын же жазуучу кандай шарт болбосун чыгармачылыгын таштай албайт. Бирок аны турмуш-тиричиликке басынтып, иштегенине шарт түзбөй, көңүлүн көтөрбөй жүрө берсек, анда анын таланты толук ачылбай, талаа-түздө, майда-барат иштерге чачылып жүрүп өтүп кетет. Азыр элибиз китептерди аз сатып алып, аз окуп калган маалда акын-жазуучуларга, дегеле адабиятка сөзсүз камкордук керек. Моралдык да, материалдык да колдоо керек. Китептерин чыгарганга, чыгармачылык кечесин өткөргөнгө жардамдар каралса, учурдагы акын-жазуучулар жана алардын чыгармачылыктары жөнүндө туруктуу теле-радиодо берүүлөрү болсо. Илгерки “Ала-Тоо” журналы, “Кыргыз маданияты” жумалыгы кайрадан чыгарылса кандай жакшы болмок. Турмуш шартынан кыйналгандарына стипендиялар чегерилсе, чыгармачылык үйгө жолдомолор берилип турса. Адабий изилдөөчүлөрдү, сынчыларды кызыктыруучу сыйлыктар уюштурулса. Керек болсо, адабият деп жаштыгын, өмүрүн арнагандарына үй берилсин. Бир орус акыны айткандай: “Таланттарга жардам берүү керек, а шылуундар өздөрү эле баарына жетип алышат”.

Назым ХИКМЕТ

Мажүрүм тал

Бүт көркөмү күзгүсүндө миң кулпуруп, төгүлүп,
Суу жээгинде мажүрүмдүн чачтары тур өрүлүп.
Шактарына шилтей урган кылычтары жалаңдап,
Күн батышка өтүп жатты зуулдап кызыл атчандар.

Бир убакта учкан куштай канатынан жарадар,
Ок жаңылып кулады аттан чаап бараткан жаш адам.
Кыйкырбады кеткендерге, чакырууга жок дарман,
Көзү тойбой карап турду туяктарга от тамган.

Караан күн ай! Кандай мээнет жазылды экен багына,
Өбөктөбөйт эми экинчи аттын ысык жалына.
Атаганат, айгай салып сүрүп кирбейт актарды,
Курч кылычын жалаңдатып ойното албайт башына!

Ат дүбүртү, такалардын өчүп барат үнү аздап,
Житип кетти атчандар да, ашып кырды күн баткан.
Атчандар ов, алгыр, кызыл атчандар,
Аттары ана, шамал-куюн, канатчан!
Аттары ана, шамал, канат…
Аттар, шамал…
Аттар…
Ат…

Атчандардай шамал-куюн, канатчан,
Көз алдына жарк деп бүткүл өмүрү
Тартылды да, житип кетти заматта.

Кулагынан суу шылдыры улам барат үзүлүп,
Көлөкөлөр коюуланат, өчүп өңү тирүүлүк.
Кара парда жаап калды анын көгүш көздөрүн,
Сары чачын сылайт аяп мажүрүмдүн өрүмү.

Ыйлабачы, мажүрүм, ыйлабачы,
Салаа-салаа жашың таамп ыргалбачы!
Жашың төгүп, мажүрүм, ыргалбачы!
Ыйлабачы!

Которгон Нурланбек КАЙРЫЕВ