Кара-Сууда бешик тойго барган он киши ууланып ооруканага түштү

Ош облусунун Кара-Суу районунда он киши 12-февралда бешик тойго баргандан кийин уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын төртөө 2015-жылы туулган наристелер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттык» радиосуна билдирди:

— Баарынын тең абалдарды орто. Төрт бала тең райондук балдар ооруканасына жиберилген. Ал эми алты киши аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Кошумча маалымат берилет. Анткени, дагы кайрылгандар бар. Азыр уулануунун себептери териштирилип жатат.

Жылдыз Айгерчинова кошумчалагандай, ооруканада жаткандарга «тамак-аштан ууланган» деген диагноз коюлду. Кайсы азыктан ууланганы анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

Булак: Азаттык